Бишкек шаңга бөлөнөт. Салттуу музыка жумалыгынын программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековКомуз черткен балдар. Архив
Комуз черткен балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Жазылуу
Бул жылы саамалык Салттуу музыка күнүнүн 20 жылдыгына арналат.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 22-25-апрель күндөрү Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтө тургандыгын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Бул жылы саамалык Салттуу музыка күнүнүн 20 жылдыгына арналат.

Министрлик жумалыктын программасын жарыялады:

22-апрелде "Манас" күнү белгиленет:
саат 10:00дө "Манас эпосу. Бириктирилген варианттын зарылчылыгы" темасында тегерек стол башталат;
Саат 18:30 – "Манасчы" спектакли болот.
23-апрелде "Күү" күнү белгиленет. Бул күнү саат 10:00дө Салттуу музыка күнүнүн 20 жылдыгына жана Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган тегерек стол болот. Анын темасы: "Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусстводогу плагиат маселелери" (плагиатты аныктоонун жана андан коргонуунун жолдору).
Саат 18:30да "Эр Төштүк" спектакли болот.
24-апрелде "Ыр" күнү белгиленет:
саат 10:00дө "Салттуу музыкалык искусство жана этнодизайн аталышындагы илимий-практикалык конференция;
саат 18:30да Министрликке караштуу маданият тармагындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын, музыкалык мектептердин бириктирилген концерти болот.
25-апрель – Салттуу музыка күнү:
Бул күнү саат 10:00дө Салттуу маданият жана искусство борборунун ачылышы болот;
саат 11:30да "Окуу жайлардагы салттуу музыка боюнча окутуу жана кадр даярдоо маселелери" темасында тегерек стол өтөт.
саат 18:30да Кыргыз улуттук "Манас" театрынын жыйынтыктоочу салтанаттуу "Устаттан аманат..." аттуу концерти башталат.
Кыргыз драма театрында Ромео жана Джульетта спектаклинин актёрлору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2024
Бишкекте театр жаатында билим алган студенттердин эл аралык фестивалы болот
Жаңылыктар түрмөгү
0