Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибраимова: мыйзам чыкса суу транспортторунун иштөө эрежеси бекийт

© Sputnik / Асель СыдыковаТранспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова
Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2024
Жазылуу
Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова өлкөдө суу транспортунун иштеши боюнча мыйзам жок экенин айтты.
Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен даярдалган мыйзам кабыл алынгандан кийин суу транспорту базаларынын иштөө эрежелери бекийт. Бул тууралуу Гүлсада Ибраимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ибраимова: мыйзам чыкса суу транспортторунун иштөө эрежеси бекийт
Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан иштелип чыккан суу объектилериндеги адам өмүрүнүн коопсуздук эрежеси жакшы жазылган. Бирок аны көзөмөлдөөчү мамлекеттик орган жок.
"№249 токтомдун негизинде суу транспортторун каттоодон жана текшерүүдөн өткөрүп, судалык билеттерди беребиз. Жалпы суу транспорту тармагынын ишмердиги боюнча жумуш биздин башкармалыкка жүктөлгөн. Чоң кемелер үч жылда бир көтөрүлүп, тетиктери толук текшерилип турушу керек. Ал эми чакан кемелер эки жылда бир каралат. Бизде 900 кеме каттоодо турат. Текшерүү учурунда кеме айдоочусунун күбөлүгү жок болсо, мас абалында айдаса же эл көп жерде сүзүп жүрсө айып салынат. Кайыктарга миң метрден, моторлууларына 2000 метрден ары барууга тыюу салынган. Ысык-Көл облусу боюнча үч гана инспектор иш алып барууда. Ошондой эле кеме тазалоочу базалар эрежеге ылайык болушу керек. Бул транспортторду көтөрүп текшергенден тышкары май куюучу, саркынды сууларын төгүүчү шарттар талап кылынат. Тилекке каршы, өлкөдө эки гана база бар. Суу транпортторунун баары буга батпайт. Балыкчыда да маселе көп. Мыйзам бекигенден кийин Транспорт министрлиги жоболорун өткөрөт. Көп талаптар камтылган үч негизги эреже бар. Биздин башкармалык мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын тизмесинде. Ал эми ӨКМ иштеп чыккан эрежелерде да суу транспортунун, акваториялардын ишмердиги, пляждардын кандай болушу керектиги жакшы көрсөтүлгөн. Бирок бул эрежелерди көзөмөлдөөчү мамлекеттик орган жок. "Суучулдар кызматы карайт" деп койгон, бирок алар көзөмөлдөөчү органдардын катарына кирбейт", — деди Ибраимова.
Ал мыйзам бузгандар аныкталганы менен көзөмөлдөөчү орган тарабынан текшерилбесе натыйжа болбосун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0