ИИМ ала качуу кылмыш экенин эскерткен видеоролик жарыялады

Жазылуу
Ички иштер министрлиги өспүрүмдөрдү мажбурлоо менен никеге тургузуу кылмыш экенин эскертип, атайын видеоролик жарыялады.
"Адамды никеге турууга мажбурлагандар Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесине ылайык үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Кыз ала качуу же мажбурлап никеге тургузуунун Кыргызстандын маданиятына жана каада-салтына тиешеси жок", — деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Министрлик жашы жете электерди кыйнап, күч менен никеге тургузуу жалпы коомдун саламаттыгын бузарын белгилеген.
Тема боюнча:
Депутат "ала качуу" беренесин "адам уурдоо" деп өзгөртүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0