00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күнүмдүк жаңылыктар 17:00

Күнүмдүк жаңылыктар 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.Жолугушууда алар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү жөнүндө пикир алышкан. "Эки тарап тең акыркы жылдары мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүүнүн ырааттуу өсүшүн баса белгилеп, биргелешкен инвестициялык жана өнөр жай долбоорлорун жүргүзүүнүн эсебинен өз ара сооданы 2 миллиард долларга жеткирүүгө мындан ары умтуларын, ага кызыкдар экендигин билдиришти", — деп жазылат маалыматта. Жапаров сапардын жыйынтыгы жана өкмөттөрдүн биргелешкен иши эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин айткан. Бектенов Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жылуу саламын айтып, суу ташкындарына байланыштуу жардам үчүн ыраазылык билдирген.
ЛОР-дарыгерлер кийин пайда болгон жана тубаса оор патологиясы бар жети баланын кулагына операция жасады. Бул тууралуу Саламатык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө ылайык, аны Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР-дарыгерлери казакстандык отохирург, профессор Айгүл Медеулова менен биргеликте ишке ашырышкан."Жалпысынан кийин пайда болгон жана тубаса оор патологиясы бар жети балага операция жасалды. Тимпанопластика, тубаса холеостотоманы алуу, ортоңку баш сөөк чуңкурчасынын мээ чел кабыгындагы кемтикти жабуу жана кулакты санитардык тазалоо боюнча операциялар жасалды", — деп айтылат маалыматта.Балдардын абалы операциядан кийин туруктуу экени айтылып, алар үйлөрүнө чыгууга камданып жатышканы кошумчаланды.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында 15-апрелден 19-апрелге чейин таш кулатылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.Маалыматта пландалган бул иштер жол жарым-жартылай тосулгандан кийин саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөрү айтылды. Жолду тазалоо учурунда автокөлүктөр бир тилке менен жүрөт.Ишкана жолго чыга тургандардан каттамды алдын ала пландап коюусун суранды. Ошондой эле бул иш-чара автоунаа жана темир жолдо коопсуздукту камсыздоо максатында өткөрүлүп жатканы кошумчаланды.
Бишкектеги "Спартак" стадионунун кичи аренасы министрлер кабинетинин чечими менен муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.Маалыматка ылайык, аталган аренанын аймагындагы курулмалар жер титирөөгө туруктуу эмес жана авариялык абалда деп техникалык корутунду чыккан.Ошондой эле "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын адистери чакан аянтчанын долбоорун иштеп чыкканы белгилүү болду."Жакында жаңы кичи аренанын курулушу башталат. Долбоордо спорт залдар, калыстар бөлмөлөрү, чечинүүчү жана машыктыруучу жайлар, административдик жана башка имараттар каралган", — деп жазылат маалыматта.
Бишкекте 10-апрель күнү эртең менен көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ билдирди.Маалыматка караганда, Айт намазы учурунда Жумабек көчөсүнүн Абдрахмановдон Сүйүмбаевге чейинки бөлүгүндө автоунаалар үчүн чектөө киргизилет. Анткени борбордук мечит ушул аймакта жайгашкан.Жарандардын коопсуздугун 2 500 милиция кызматкери камсыздайт. Эскерте кетсек, Айт намаз быйыл мечиттерде окулуп, саат 6:15те баяндар башталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0