УКМК синтетикалык баңги заттын кесепети тууралуу видео жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековБаштыктагы баңги зат. Архив
Баштыктагы баңги зат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. УКМК синтетикалык баңги заттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн билдирип, анын зыяны тууралуу видеону жайылтты.
Маалыматта мекеме өлкө боюнча баңги заттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш жүргүзүп жатканы айтылат.
"Азыркы синтетикалык препараттар — адам үчүн эң коркунучтуу "капкан". Өзгөчө 25 жашка чейинки жаштар жана өспүрүмдөр арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат. Андыктан, ата-энелерге балдарын көзөмөлдөө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат", — деп жазылган билдирүүдө.
Өзү же жакындары баңгиликке байланыштуу жардамга муктаж болсо 118 анонимдүү ишеним телефонуна кайрылууга болору белгиленген.
Ошондой эле баңги заттарды өндүрүү/тараттууга катыштыгы бар тараптар үчүн катаал жаза каралганы кошумчаланган.
Таблеткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Нарколог дарыкана баңгилигине берилген баланын кандай өзгөрөрүн айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0