Олимпиаданын футбол турниринде кыргызстандык рефери калыстык кылат

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаFIFA категориясындагы кыргызстандык рефери Вероника Бернацка. Архив
FIFA категориясындагы кыргызстандык рефери Вероника Бернацка. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Жазылуу
Олимпиаданын футбол боюнча турнирлери Франциянын жети стадионунда болору белгиленди.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. FIFA категориясындагы кыргызстандык рефери Вероника Бернацкая Олимпиаданын футбол боюнча турниринде калыстык кылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Олимпиадага эркектердин 16 жана кыз-келиндердин 12 курама командасы катышат.
"Футбол боюнча турнирлер Франциянын "Велодром", "Групама", "Парк де Пренс", "Матмут Атлантик", Жоффруа Гишар, "Альянц Ривьера", "Божуар-Луи Фонтено" стадиондорунда өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Олимпиада оюндары 24-июлдан 10-августка чейин Францияда өтөт.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2024
Кыргыз футбол курамасы FIFA рейтингинде кайрадан ТОП-100гө кирди
Жаңылыктар түрмөгү
0