Токаев ШКУ коопсуз жана адилеттүү дүйнөнүн формуласын сунуштаарына ишенет

© Фото / Фотохост-агентство sco-russia2020.ru / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Жазылуу
Казакстан лидери Шанхай кызматташтык уюумунун Астанада өтө турган саммитине кызуу даярдыктар жүрүп жатканын маалымдады.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Дүйнө калкынын жарымын түзгөн ШКУ коопсуз жана адилеттүү дүйнөнүн формуласын сунуштай алат деп ишенем. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолукканда айтканын Акорданын маалымат кызматына таянып Sputnik Казакстан жазды.
Токаев Казакстан дүйнөлүк жана аймактык өнөктөштөрү менен ачык саясий-дипломатиялык диалог жана конструктивдүү мамилелерди жактай турганын белгилеген.
"Биз өз ара түшүнүшүүнү жана ишеним чараларын түзүүнү билдирген евразиялык коопсуздуктун бүтүндүгү принцибин карманабыз. Бул ШКУнун коопсуздук периметрин түзүү боюнча стратегиялык тапшырманын негизин түзүшү керек", — деди өлкө лидери жолугушууда.
Токаев Казакстандын уюмга төрагалыгынын артыкчылыгы катары эл аралык тынчтыкты жана мамлекеттердин коопсуз жашоосун камсыз кылууга кошкон салымын атады. Ошондуктан казак тарап ШКУнун "Адилеттүү дүйнө жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө" демилгесин биргелешип иштеп чыгууну сунуштаганын кошумчалады.

ШКУнун Астанадагы саммити жана анын бүгүнкү кырдаалдагы мааниси

Өз сөзүндө Казакстандын лидери ШКУнун Астана саммитине даярдыктар жүрүп, ага өзгөчө маани берилип жатканын билдирди.
Мамлекет башчысы ШКУ мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуулары уюмдун аймагында жамааттык коопсуздуктун ролу өсүп жатканынан улам актуалдуу болуп жатканын белгиледи.
"Былтыр дүйнөдө 183 аймактык жана жергиликтүү жаңжал болуп, алардын саны дээрлик 30 пайызга өстү. Бул — акыркы отуз жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Глобалдык чыр-чатак жана зордук-зомбулук аракеттери болуп жатат, мындан улам эл аралык террорчулук коркунучу күч алууда", — деди Токаев.

Ал "Крокустагы" теракт жана мыкаачылык тууралуу

Президенттин сөзү боюнча, Москва облусунда карапайым тургундардын өмүрүн алган кайгылуу окуялар террорчулар зомбулуктун эң катаал жана адамгерчиликсиз түрлөрүн колдонууну улантып жатканын көрсөттү.
Ал Казакстан террордук чабуулду кескин айыптап, Россия менен тилектештигин билдиргенин эске салды.
Эки өлкөнүн атайын кызматтары терроризмге каршы күрөштө кызматташууда. Президент Москва облусундагы теракт дүйнө коомчулугу, анын ичинде бүгүнкү иш-чарага катышкан өлкөлөр тарабынан катуу айыпталганын белгиледи.
"Эң негизгиси, туура жыйынтык чыгарып, керектүү чараларды көрүү. Жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздап, террордук коркунучка татыктуу жооп беришибиз керек", — деди Казакстандын лидери.

ШКУ "үч коркунуч" менен күрөшүү үчүн түзүлгөн

Ал Шанхай кызматташтык уюму бир кездерде аймактагы стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында "үч коркунучка" биргелешип каршы туруу үчүн түзүлгөнүн эске салды.
"Бул коркунучтар учурда күчөп жатат. Өз кезегинде бизден системалуу жана чечкиндүү чаралар талап кылынат. Биз терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге жол бербешибиз керек. Мамлекеттерибиздин "үч коркунуч", трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңгизат аткезчилиги жана киберкоопсуздук чакырыктарына каршы туруусу — Казакстандын ШКУга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири", — деди президент.
Ал 2025-2027-жылдарга терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы кызматташуу программасын кабыл алуу зарыл деп эсептейт. Ошондой эле ал өз сөзүндө ШКУнун 2024-2029-жылдарга баңгиликке каршы стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер программасын кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Афганстандагы жана Жакынкы Чыгыштагы абал

Токаведин пикиринде, Афганстанды эл аралык террордук топтордун пайдалануусуна жол бербөө үчүн аталган өлкөнүн өнүгүүсүнө көңүл буруу керек. Казакстандын лидери бул өлкөдө гуманитардык кризисти алдын алуу жана турукташтыруу үчүн шарттарды түзүү аракеттерин улантууну маанилүү деп эсептейт.
"Жакынкы Чыгыштагы жаңжал — коопсуздукка шек келтирген олуттуу фактор. Анын кесепетин карапайым калк да сезүүдө. Аймактык стабилдүүлүккө орду толгус зыян келтирилди. Мындан ары эскалацияны алдын алуу үчүн жогорку деңгээлдеги дипломатия керек. Жалпысынан эл аралык чыңалуу дагы эле сакталып турат деп айтууга болот. Мен дүйнө калкынын жарымын түзгөн биздин уюм коопсуз жана адилеттүү дүйнөнүн формуласын сунуштай алат деп ишенем", — деди Токаев.
Россия Федерациясындагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Россия президентин шайлоо
Дүйнөнү өзгөртө турган алты жыл. Батыштын акталбаган үмүтү
Жаңылыктар түрмөгү
0