Атасына болушуп спецназга кыр көрсөткөн бала. Милиция жетекчилери иштен алынды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Жазылуу
Окуянын видеосу соцтармакта тарап, коомдо нааразычылык жараткан.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңиш Абитов менен орун басары Ильяс Касымбаев Кочкор-Атада спецназ токмоктоп алып кетип жаткан атасына болушкан баланын окуясынан кийин кызматтан алынды. Мындан тышкары, 13 жетекчи тартип жазасына тартылганын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта жетекчилер укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын бузуп, кол алдындагы кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту жана тартипти сакташына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөй койгондугу жазылган.
“Бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөй, шектүү же айыпкер катары аныктала элек адамдарды коомдук жайда эскертүүсүз кармап кеткен видеосу интернетке тарап, коомдо талкуу жаратып, милициянын аброюна шек келтирген”, — деп билдирди ИИМ.
Эске салсак, буга чейин атасын кармап жаткан спецназга сес көрсөткөн баланын видеосу социалдык тармакта тараган. Кийинчерээк Жалал-Абад облустук милициясы окуя 27-мартта болгонун айтып, буга чейин жеке күзөт кызматынын кызматкерин алты киши таш, кирпич, таяктар менен сабаган деп арыз түшкөнүн маалымдаган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча иш козголгону айтылган. Ал эми видеодо кармалган киши тергөөгө чакырганда келбей, кармоо учурунда спецназга баш ийбегендиктен күч колдонулгандыгы маалым болгон.
Атайын кызматтын аскерлери шектүүну кармап жаткан учурда. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Кочкор-Атада атасына болушуп спецназга сес көрсөткөн бала. Окуянын чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0