00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
09:05
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Наука против преступности: российский криминалист - о профессии и её будущем
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алты жылда товардык балык өндүрүшү 7 эсеге өстү. Кыргызстан балык экспорттоочу өлкөгө айлана алабы?
11:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда мөңгүлөр эрип жатат — кантип токтотобуз?
13:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкек мэриясы жүк ташуучу унааларга узак мөөнөттүү чектөө киргизди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүОор жүк ташуучу автоунаалар. Архив
Оор жүк ташуучу автоунаалар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Жазылуу
Мындай чектөө айрым гана жүк ташуучу унааларга иштебейт.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы оор жүк ташуучу унаалардын шаар ичиндеги кыймылына убактылуу чектөө киргизет.
Максаты — жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу.
Мындай чектөө чаралары үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен 1-октябрына чейин саат 7:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта иштейт. Бул мезгил ичинде максималдуу массасы 18 тоннадан ашык жүк менен жүрүүгө уруксат берилген автомобилдер муниципалдык жолдо жүрүүсүнө тыюу салынат.
Убактылуу чектөө механизми оор жүк ташыган төмөнкү унаалар үчүн колдонулбайт:
гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыгандарга;
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан автомобиль жолдорун куруу, оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылгандарга;
Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташып бара жаткандарга.
"Аба ырайынын ысышы менен оор жүк ташуучу унаалар жолдогу асфальттын сапатын бузган учурлар көп кездешет. Шаардыктар тарабынан да оор жүк ташыган унааларга түнкүсүн гана жүрүүгө уруксат берүү талабы дайыма айтылып келген", — деп жазылат маалыматта.
5-апрелге чейин Бишкек мэриясынын тийиштүү кызматтары жогоруда көрсөтүлгөн салмактагы оор жүк ташуучу унаалардын муниципалдык жолдо жүрүүсүнө тыюу салган жол белгилерин орнотуп чыгышат.
Эрежеге баш ийбеген айдоочуларга 17,5 миң сом айып салынат, юридикалык тараптар 55 миң сом төлөйт.
Бишкектеги мечиттен эл суу алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
2-апрелде Бишкектин чыгышында суу болбойт. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0