Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абылгазиев: көзөмөлгө алына турган баңгизаттардын тизмеси кеңейди

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуДары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүүсүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысы Азизбек Абылгазиев
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүүсүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысы Азизбек Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Жазылуу
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүүсүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысы Азизбек Абылгазиев наркотикалык, психотроптук каражаттарды көзөмөлдөө мыйзамы тууралуу айтып берди.
Көзөмөлгө алына турган баңгизаттар, психотроптук каражаттардын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу Азизбек Абылгазиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Абылгазиев: көзөмөлгө алына турган баңгизаттардын тизмеси кеңейди
Анын айтымында, мыйзамга өзгөртүү, толуктоолор киргизилген.
"Кыргызстан БУУнун психотроптук каражаттар, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча конвенциялардагы милдеттенмелерди алып, 1998-жылы баңгизаттар, психотроптук каражаттар жана прекурсорлор тууралуу мыйзам кабыл алган. Мына ошол мыйзамга өзгөртүү, толуктоолор киргизилди. Анткени мыйзамды заман талабына тууралоо муктаждыгы турган. Учурда бул мыйзамга баңгизат, психотроптук каражаттар жана прекурсорлор, алардын аналогдору жана тирүү организмдер киргизилди. Буга карата укуктук-ченемдик актыларды тууралоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Себеби баңгизаттардын аталышын өзгөртүп, бирок курамын ошол эле боюнча калтырып саткан учурлар кездешет. Түндүк Америкада наркотик бөлүп чыгаруучу бака бар, курамында наркотикалык заттар камтылган өсүмдүктөр кездешет. Аларды алып келип, көбөйтүп жибербейт деген кепилдик жок. Ошондуктан мыйзамга киргизип, көзөмөлгө алуу мерчемделди. Өлкөдө бул багытта иш алып барган 640 субъект бар. Алардын ишмердүүлүгү квартал сайын текшерилип турат", — деди Абылгазиев.
Ошондой эле ал аталган мыйзам ЕАЭБдин мыйзамдарына шайкеш келтирилгенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров "Баңгизаттар, психотроптук каражаттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 24-январында кабыл алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0