00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
06:04
38 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Финансовая грамотность и культура потребления: как найти баланс?
12:04
34 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн продукциянын сапатын кантип жакшыртат? — лабораторияларды модернизациялоо жардам береби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жаңы дары заводу ачылды. Ал импорттун азайышын шарттай алабы?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему молодежь стала чаще страдать от инфарктов — беседа с врачом
14:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Особый акцент
Эмне үчүн аутизм менен ооруган балдар көбөйүүдө? — белгилери, симптомдору жана себептери
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Үй бүлөдө балдарды гендердик бөлүп тарбиялоо маанилүүбү?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как накопить на первоначальный взнос и приобрести жилье от ГИК - о программе "Накопительная ипотека"
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Будущее атомной энергетики в Кыргызстане: перспективы и вызовы
20:06
37 мин
Особый акцент
Эмне үчүн аутизм менен ооруган балдар көбөйүүдө? — белгилери, симптомдору жана себептери
23:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министр: башка тилдеги бакчаларда кыргыз тилин окутуу акырындык менен башталат

© Фото / пресс-служба МОиН КРБала бакчада сабак өтуп жаткан балдар. Архив
Бала бакчада сабак өтуп жаткан балдар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Жазылуу
Журналист мектептердин башталгыч класстарында ушул окуу жылынан тарта кыргыз тили үйрөтүлүп баштайбы деп сураган.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Окутуу башка тилдерде жүргүзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин окутуу акырындык менен киргизиле баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирабаева маалымат жыйын учурунда билдирди.
Журналист мектептердин башталгыч класстарында ушул жылы кыргыз тили киргизилери айтылып жатканын белгилеп, министрден чын-төгүнүн сураган. Кендирбаева кыргыз тилин окутуу алгач мектепке чейинки билим берүү мекемелерине этап-этабы менен киргизилерин айтты.
"Окутуу башка тилдерде жүргүзүлгөн билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин үйрөтүү боюнча конституциялык мыйзам кабыл алынган. Биз аны аткарышыбыз керек. Алгач кыргыз тили мектепке чейинки билим берүү мекемелерине киргизилет. Муну менен катар кыргыз, орус тилдүү класстар менен бирдей өнүктүрүлөт. Биринчиден, биз кыргыз тилин милдеттүү түрдө билишибиз керек. Экинчиден, Кыргызстанда жашаган ар бир адам өзүн саясатта болобу, илимде болобу, бизнес-чөйрөсүндө болобу, өзүн өнүктүрүшү зарыл. Азыр кыргыз тилин билбесе ийгилик жаратуу кыйын болуп калат. Бул дискриминация эмес, радикалдуу эмес. Мисалы, ошол эле өнүккөн деген Европа мамлекеттеринде, мигранттар көп барган Германияда немец тилин, демократиялуу деген АКШда англис тилин сөзсүз билиши керек деген талап бар. Кыргызстанда жашап, бул өлкөнүн жараны болгондон кийин кыргыз тилин билбей коюу мүмкүн эмес", — деген министр.
Ал кыргыз тилин үйрөтүү ыкмасы толугу менен өзгөртүлөрүн айтып, эне тил жеткиликтүү болушу керектигин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, конституциялык мыйзамдын 17-беренесинде окутуу орус же башка тилдерде жүргүзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы билим берүү уюмдарында (мектеп, лицей, гимназияларда), башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун бардык мезгилинде кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүү боюнча жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 17-июлунда жарыяланган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Акылбек Жапаров: окуучуларга 4 тилди үйрөтүүгө басым жасашыбыз керек
Жаңылыктар түрмөгү
0