00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамдын шагын сындырганыма өкүнөм. Өзүбеков менен ачык видеомаек

Жазылуу
КР эл артисти, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков менен бала чагы, ата-энесинин тарбиясы, чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык. Өткөн күндөрүнө саресеп салып, талдоо жүргүзүп жүргөн маектешим жан дүйнөсүндөгү сезимдери менен ачык бөлүштү.
Бала кезинде ата-энеси ажырашып, ошол учурдагы абалын айтып берди. Өзгөчө өзү теңдүүлөрдүн "жетим" деп атаганы зээнин кейитип, ызага муунтканын эскерди. Атасын жек көргөн, таарынган учурлары болгонун, кийин эрезеге жеткенде аны түшүнүп, кечиргенин, аны менен катташа баштаганын белгиледи. Бирок бул көпкө узабай, атасы кайтыш болуп калган.
Өзүбековдун эл арасында "кайгылуу ырлардын рыцары" деген атка ээ болушу жөн жерден эмес. Айтымында, көбүнчө спектаклдерге обон жазат, мындан улам муңдуу обондор жаралат. Арасында сезимге чөмүлгөндө чыккан обондору да бар. Алардын бири — "Мен күйүп барам" аттуу ырга жазылган обон. Бул казактын актриса кызына арналган.
"Менин эркелигиме, тентектигиме жубайым көз жумуп, чыдап, көтөрүп койду. Ал болбосо үй-бүлөбүз чачырап кетмек. Бул үчүн ага ыраазымын. Бирок мен обон жазбай калганда жубайымдын "сен бирөөнү жакшы көрүп кел, обон жазбай калдың" деп айтканы бар", — деди Өзүбеков.
Ал келечеги тууралуу ойлонуп отуруп, кызматтан кеткен, ырдабай калган күн келерин, бул учурда багбанчылык менен алектенем деген ниет менен бак тиккенин кошумчалады.
Тема боюнча:
Жарымым, түгөйүм жолуккан жок. Шайыр Касымалиеванын видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0