РФ элчиси Япония Украинага Patriot берсе кесепети кандай болорун айтты

© AP Photo / Czarek SokolowskiPatriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив
Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2024
Жазылуу
Япония ушу кезге чейин аскердик жабдуу жаатында үч принципти карманып келген.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Эгер АКШнын лицензиясы менен чыгарылып, ошол жакка жөнөтүлүп турган япониялык Patriot Украинада болуп кала турган болсо эки тараптуу мамилеге катуу доо кетет, Россия айрым конкреттүү кадамдарга барышы толук ыктымал. Бул тууралуу Россиянын Япониядагы элчиси Николай Ноздрев Токиого келгенден кийинки алгачкы маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Дипөкүлчүлүктүн башчысы Япония премьер-министри Фумио Кисиданын администрациясы өлкөнү ремилитаризациялоого жана коомчулукта реваншисттик маанай жаратууга багыт алганын белгилеген.
"Чет мамлекеттер менен аскерий-техникалык кызматташуу үчүн болушунча жагымдуу шарт түзүп берүү милдети коюлган, мунун ичинде аскердик жабдуу жана технологияларды алуу да бар. Кисиданын администрациясы башкы союздашы АКШ күткөн жыйынтыкты тез арада көрсөтүүгө кызыкдар. Ал эми Patriot зениттик-ракеталык комплекстерине байланыштуу чечимдер тездик менен кабыл алынганы, анык бир максат бар экени көрүнүп турат. Бул чечим америкалыктарга япон тараптын колундагы курал-жаракты өз көзөмөлүнө алууга жана каалагандай колдонууга жол ачып берет. Албетте, биз дагы абалга тыкыр көз салып турабыз, бирок эгер Patriot Украинадан аныкталып кала турган болсо Россия менен Япониянын ортосундагы мамилеге катуу доо кетет, Москва анык бир аракеттерге барышы толук ыктымал", — деди элчи.
2023-жылдын соңунда Япония коргонуу жабдууларын чыгарууга лизенция берген өлкөгө техника менен курал-жаракты экспорттоо эрежесин жумшартууну колдоп берген. Мында АКШнын лицензиясы менен Японияда жасалган Patriot комплекстерин жана ракеталарын жөнөтүү да каралган.
Буга чейин Япония АКШга Американын лицензиясы менен жасалган деталдарды гана жөнөтүүгө укуктуу эле. Эми даяр аскердик жабдууларды АКШ эле эмес, башка өлкөлөргө да экспорттоого мүмкүнчүлүк алат.
Patriot ракеталары менен комплекстерин АКШга быйыл эле жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган.
Шарт боюнча, лицензияга ээлик кылган мамлекет жабдууну үчүнчү өлкөгө берүүнү чечсе алдын ала Япониянын макулдугун алышы керек. Мында согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарга курал-жарак жана техника жеткирүүгө тыюу салынган. Мындан улам Patriot Украинага жөнөтүлбөйт делгени менен Киевге жардам берген мамлекеттердин запасын толтуруп бере алат.
Япония ушу кезге чейин аскердик жабдуу берүү жаатында үч принципти карманып келген. Биринчиси — эгер Япониянын эл аралык милдеттемелери же башка мамлекеттери менен келишими бузулса, экинчиси — БУУнун резолюциясы сакталбаса, үчүнчүсү — техника ала турган мамлекетте согуш жүрүп жатса өлкө бул ишке аралашчу эмес.
Экспорт маселесин жеңилдетүү чечими кабыл алынгандан кийин Япониянын өзүндө ракеталар жетишсиз экени аныкталган. 2022-жылга карата өлкөнүн керектөөсү болгону 60 пайызга гана жабылган.
Америкалык  M1 Abrams танкасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жыргатпайт экен. Украиналыктар Abrams танкасына ичи чыкпаганын айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0