Бишкекте кёрлинг боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионаты өтөт

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүКёрлинг боюнча чемпионатында катышкан спортчулар. Архив
Кёрлинг боюнча чемпионатында катышкан спортчулар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкекте кёрлинг боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионаты өтөт. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
Мелдеш 30-мартта борбордогу "Локомотив" муз комплексинде болот. Ал аралаш жуптар (дабл-микс) арасында уюштурула турганы айтылды.
Чемпионатка Кыргызстандын аймактарынан тандоо турунан өткөн мыкты спортчулар катышып, жыйынтыгында 5 команда ат салышат.
Иш-чара кёрлинг спортуна коомчулуктун көңүлүн бурдурууну, аны өнүктүрүүнү жана жаштар арасында жайылтууну көздөй турганы белгиленди.
Чолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл Run the Silk Road марафонунун катышуучулары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Чолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл Run the Silk Road марафону өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0