https://sputnik.kg/20240319/ayaldardy-koldoogo-aluu-tuuraluu-1083544031.html
Алтыбаева: аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес
Алтыбаева: аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин V, VI чакырылыштарынын депутаты, республикалык Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева аялдарды колдоого алуу программасына муктаждык бар... 19.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-19T09:51+0600
2024-03-19T09:51+0600
2024-03-19T10:11+0600
радио
кыргызстан
айнуру алтыбаева
аялдар
колдоо
жарлык
https://sputnik.kg/img/07e8/03/13/1083544215_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_723ed2cd227207268411fed38cc8aa68.jpg
Алтыбаева: аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес
Sputnik Кыргызстан
Алтыбаева: аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес
Аялдар менен эркектердин укугу тең болгону менен мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес. Ошондуктан аялдарды колдоого алуу зарыл. Бул тууралуу Айнуру Алтыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, аялдар төрөп, көпчүлүк учурда үй-бүлөнү карап калышат.Ошондой эле ал аялдарды колдоо чаралары убактылуу болуп саналарын кошумчалады.Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров "2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Программа аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатууга багытталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/13/1083544215_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_047d879a698ca28150865f644ae0cd11.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, айнуру алтыбаева, аялдар, колдоо, жарлык, аудио
кыргызстан, айнуру алтыбаева, аялдар, колдоо, жарлык, аудио
Алтыбаева: аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес
09:51 19.03.2024 (Жаңыртылды: 10:11 19.03.2024) Жогорку Кеңештин V, VI чакырылыштарынын депутаты, республикалык Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева аялдарды колдоого алуу программасына муктаждык бар экенин белгиледи.
Аялдар менен эркектердин укугу тең болгону менен мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес. Ошондуктан аялдарды колдоого алуу зарыл. Бул тууралуу Айнуру Алтыбаева
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аялдар төрөп, көпчүлүк учурда үй-бүлөнү карап калышат.
"Конституцияда аялдардын жана эркектердин укук жана мүмкүнчүлүктөрү бирдей экени айтылган. Бирок укуктар тең болгону менен мүмкүнчүлүктөр ар кандай. Анткени аялдардын коом үчүн маанилүү репродуктивдүү функциясы бар. Мисалы, декретке чыкканда алар коомдук жана саясий турмуштан бир канча мезгилге обочолоно түшөт. Ошол эле убакытта жигиттер үй-бүлөгө алаксыбай окуп, билим алып, карьера жасай алат. Ал эми лидер аялдар асмандан эле түшүп калбайт. Ошондуктан аялдарды ар кандай тармактан колдоо зарыл. Алардын айрымдары, мисалы, шайлоодо атайын чаралар колдонулууда. Ишкер айымдарга жеңилдетилген насыялардын берилгени жакшы. Эми аялдарды окутуу, кадр катары тажрыйбасын өстүрүүгө, потенциалын көрсөтүүгө мүмкүндүк түзүү зарыл. Бул жагынан алганда президенттин жарлыгы менен аялдарды колдоодо дагы бир кадам алдыга жылдык", — деди Алтыбаева.
Ошондой эле ал аялдарды колдоо чаралары убактылуу болуп саналарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров "2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Программа аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатууга багытталган.