https://sputnik.kg/20240315/bangizat-menen-kurosh-rossiya-kyrgyzstan-1083432006.html
Кыргызстан баңгизатка каршы жаңы технология менен күрөшүүдө. Каржыны РФ бөлгөн
Кыргызстан баңгизатка каршы жаңы технология менен күрөшүүдө. Каржыны РФ бөлгөн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда баңгизатка каршы күрөшүүдө жаңы технологияларды киргизүү боюнча долбоор ишке ашырылып жатканын ички иштер министри Улан... 15.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-15T12:25+0600
2024-03-15T12:25+0600
2024-03-19T10:57+0600
кыргызстан
россия
буу
иим
долбоор
учкучсуз аппараттар
https://sputnik.kg/img/07e8/03/0f/1083430628_583:328:3640:2048_1920x0_80_0_0_7323ae5ae5b932d2e565e440b3e41df6.jpg
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда баңгизатка каршы күрөшүүдө жаңы технологияларды киргизүү боюнча долбоор ишке ашырылып жатканын ички иштер министри Улан Ниязбеков Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин менен жолукканда билдирди.Анын айтымында, БУУнун Баңгизат боюнча комиссиясынын аталган долбоорун Россия каржылоодо. Анын бюджети 1 миллион 800 миң долларды түзөт.ИИМ жетекчиси долбоордун алкагында өлкөгө учкучсуз учуучу аппараттар алынганын кабарлады. Ал ошондой эле Кыргызстан Россия жана Беларусь өлкөлөрүнүн профилдик ведомстволору менен кызматташып, дрон колдонуу боюнча бир топ тажрыйбага ээ болгонун кошумчалаган.Белгилей кетсек, Ниязбеков менен Вершинин Венада (Австрия) өтүп жаткан БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясынын 67-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында жолугушту.
https://sputnik.kg/20240311/rkof-kommertsiyalyk-maalymat-borbor-1083326360.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/0f/1083430628_1242:295:3579:2048_1920x0_80_0_0_e495f45da5110f24c4c9dc36ca4ca443.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, буу, иим, долбоор, учкучсуз аппараттар
кыргызстан, россия, буу, иим, долбоор, учкучсуз аппараттар
Кыргызстан баңгизатка каршы жаңы технология менен күрөшүүдө. Каржыны РФ бөлгөн
12:25 15.03.2024 (Жаңыртылды: 10:57 19.03.2024) БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда баңгизатка каршы күрөшүүдө жаңы технологияларды киргизүү боюнча долбоор ишке ашырылып жатканын ички иштер министри Улан Ниязбеков Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин менен жолукканда билдирди.
Анын айтымында, БУУнун Баңгизат боюнча комиссиясынын аталган долбоорун Россия каржылоодо. Анын бюджети 1 миллион 800 миң долларды түзөт.
ИИМ жетекчиси долбоордун алкагында өлкөгө учкучсуз учуучу аппараттар алынганын кабарлады. Ал ошондой эле Кыргызстан Россия жана Беларусь өлкөлөрүнүн профилдик ведомстволору менен кызматташып, дрон колдонуу боюнча бир топ тажрыйбага ээ болгонун кошумчалаган.
"Долбоордун аркасында Кыргызстан баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы турууда учкучсуз учуучу аппараттарды ийгиликтүү колдонгон аймактагы алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ниязбеков менен Вершинин Венада (Австрия) өтүп жаткан БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясынын 67-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында жолугушту.