Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өлкөдө балдардын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук ыкма иштелип чыкты

© Sputnik / Асель СыдыковаБилим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева өлкөдө балдардын эрте өнүгүүсүн кантип көзөмөлдөп, байкоого алышарын айтып берди.
Кичинекейлердин эрте өнүгүүсүнө байкоо салган ыкма ар бир бөбөктүн өнүгүү процессин комплекстүү өлчөөчү курал болуп саналат. Бала тайпага кошулгандан тартып мектепке чейинки мекемеден чыкканга чейин иш-аракеттерине көз салып турушат. Бул тууралуу Мира Мыкыева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Өлкөдө балдардын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук ыкма иштелип чыкты
Анын айтымында, балдардын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук курал алгач кыска мөөнөттүү 560 бала бакчада сынамык негизде пайдаланылып, апробациядан өтөт.
"Улуттук курал баланын өнүгүүсүндөгү негизги аспектилерди аныктап, мугалимге анын өнүгүүсүнө өзүнчө мамиле жасоого жана окутуу ыкмаларын өркүндөтүүгө жардам бериши керек. Мамлекеттик стандартка ылайык, бөбөктөрдүн өнүгүүсүнүн негизги беш нерсесине көӊүл буруу зарыл. Ал — кичинекейдин денесинин өсүшү, таанып билүү жана когнитивдик өнүгүүсү, сабаттуулук жана коммуникация, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсү, ошондой эле чыгармачылык жана эстетикалык жактан өнүгүүсү.
"Балдарды өнүктүрүү картасы" — чараларды, индикаторлорду жана ар бир баланын жүрүм-турумун, көрсөткүчтөрүн чагылдырган үч диапазондо (жогорку, жетиштүү жана жетишсиз) баяндап берген таблицадан турган өнүгүү багыттарын камтыйт. Ар бири "Балдардын өнүгүүсүн эсепке алуу боюнча колдонмодо" айтылган көрсөтмөлөр боюнча бааланат. Анда кичинекейлердин эрте өнүгүүсүн өлчөөнүн эки негизги түрү колдонулат. Ал — бөбөк менен иштеген жогорку даярдыгы бар эксперттин, мугалимдин мониторингинин негизинде өнүгүүнү баалоого багытталган байкоо, текшерүү баракчасы же балдар менен иштөө процессинде колдонулган материалдардын жана жабдуулардын тизмеси. Баалоо 4-5 жаштагы бөбөктөргө эки жума бою түз байкоо жүргүзүү түрүндө жүргүзүлөт да, рейтинг жана балл коюу (1ден 7ге чейин) менен аяктайт. Улуттук куралга ылайык, мугалимдер кичинекейдин тайпанын ичинде, сейилдөө учурундагы бардык иш-аракеттерин карап, көзөмөлдөп турушат", — деди Мыкыева.
Адис аталган ыкма 3 жаштан 6 жашка чейинки бөбөктөрдүн өнүктүрүү боюнча "Балалык" программасынын талаптарына ылайык, "Келечек үчүн билим" долбоорунун алкагында иштелип чыкканын кошумчалады. Аны Дүйнөлүк банк каржылап, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0