Мигранттар, тагдыр чечер киши, немец офицерлеринин "кыялы". Путиндин маегинен

© Sputnik / Гавриил Григоров / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин журналист Дмитрий Киселёвго кеңири интервью учурунда
Россия лидери Владимир Путин журналист Дмитрий Киселёвго кеңири интервью учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин журналист Дмитрий Киселёвго кеңири интервью берип, бир топ глобалдуу жана аймактык, өлкө ичиндеги маселелерге токтолду.
Sputnik Россия лидеринин кезектеги бул маегинин урунттуу учурларын окурмандарга сунуштайт.
Эгерде АКШнын аскери Украинага кирсе, анда Россия аларды интервент (бирөөнүн суверендүү аймагына басып кирүүчү) катары кабыл алып, ошого жараша мамиле кылат. Вашингтон муну жакшы түшүнөт;
Украинага чет элдик аскер менен курал-жарактын алып келиниши согуш талаасында эч нерсени өзгөртпөйт;
НАТОго кирген Финляндиянын чек арасында эми Россиянын бөлүктөрү жана аскердик техникасы жайгашат. Өлкө альянска кирип улуттук кызыкчылыктарын камсыздоодо таптакыр маанисиз кадамга барды;
Макрондун Россияга карата жаалы Африкадагы кырдаалга байланыштуу болушу мүмкүн. Россия Африкага кийлигишкен жок, Францияны ал жактан чыгарган эмес, африкалык лидерлер өзүлөрү Россия менен иштешүүгө кызыкдар;
Германиялык генералдардын Крым көпүрөсүнө сокку урабыз деген коркутуусу боюнча: "кыялданып, өзүлөрүн сооротуп, бизди коркутууга аракет кылып жатышат";
Россияга мамилеси жылуу мамлекеттер Москвадан да ушундай эле сый мамиле күтсө болот;
АКШнын коргонуу тармагына бөлүнгөн акчанын арбыны чет мамлекеттердеги аскердик базаларды камсыздоого жумшалууда. АКШнын коргонууга каралган бюджети 860-870 миллиард доллар. Муну менен катар эле алар курал-жарак өндүрүүгө да эбегейсиз көп каражат сарптоодо;
Россия АКШда өтө турган президенттик шайлоого кийлигишпейт, Москва америкалыктар тандаган президент менен иштешүүгө даяр;
Путин Россияга кирген мигранттардын алардын коомуна аралашып кетиши үчүн камкордук көрүлүп, адамгерчиликтүү мамиле жасалышы керектигин баса белгиледи. Муну менен катар эле мигранттар Россиянын мыйзамдарын бузбай, талап кылынган санитардык нормаларды, башка дагы бир катар эрежелерди сакташы зарылдыгын эске салды;
Путин өзүнүн миссиясы тууралуу да айтты. Россиянын, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканына токтолду.
"Мен өзүмдү дүйнөнүн тагдырын чечкен адам катары көрбөйм. Болгону Россиянын жана Россияны өзүнүн мекени деп санаган адамдардын алдындагы милдетимди аткарып жатам", — деди Путин;
Рф лидери АКШ өзөктүк күчүн бекемдеп жатканын, бирок бул "алар эртең өзөктүк согушту баштоого даяр" дегенди билдирбей турганын кошумчалады.
Эгер АКШ өзөктүк сыноолорду өткөрсө, Россия четте калбай турганын белгиледи.
Владимир Путиндин кеңири маегинин толук видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Владимир Путиндин кеңири маегинин толук видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0