Пейлибизди түздөйлү! Садыр Жапаров Орозо айынын башталышы менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
Жазылуу
Өлкө башчы мамлекет бардык диний көз караштарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасаарын белгилеген.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.
Президент Орозо жан дүйнөнү тазалоо менен изги иштердин, бийик максаттарга жетүүгө шыктануунун айы катары сыпатталып, мусулман жамааты үчүн ыйык жана касиеттүү ай деп саналып келерин белгилеген.
"Өлкөбүздүн эртеңи үчүн элибиздин ынтымагы менен бейпилдиги өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан мамлекет бардык диний көз караштарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасайт. Баарыбыздын биргелешкен иш-аракетибиз менен өлкөбүздүн өнүгөрүнө жана алдыңкы өлкөгө айланарына терең ишенем. Андыктан жан дүйнөбүздү жаман ойлордон арылталы, пейилибизди түздөп, жаркын келечек курууга ар бирибиз оюбуз, ниетибиз, иш-аракетибиз менен кол кабыш кылалы. Улуу айда жалпы кыргызстандыктарга бакубат жашоо, тынчтык жана жакшылыктарды каалайм! "Жашоодо эң күчтүү курал – бул акыл, эң күчтүү чеп – бул сабыр" деген накыл кеп сыңары, билим алуу менен катар сабырдуу болууга умтулалы", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.
Мамлекет башчы кыргызстандыктардын жакшылыкка үмүт байлап, таза ниет менен кармаган орозосу кабыл болушун каалап кеткен.
Календарь Орозо 2024 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Орозо-2024: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактылары
Жаңылыктар түрмөгү
0