Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рысбаев: балдар адабиятынын антологиясы түзүлүүдө

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуБалдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев
Балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Жазылуу
Балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев балдарды өстүрүү, өнүктүрүү үчүн балдар адабиятынын мааниси чоң экенин белгиледи.
Атайын жумушчу топ балдар адабиятынын антологиясын түзүүдө. Бул тууралуу Сулайман Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Рысбаев: балдар адабиятынын антологиясы түзүлүүдө
Анын айтымында, бул антологияны түзүү 2001-2004-жылдары башталып, ар кандай себептер менен токтоп калган.
"Балдар адабияты — улуттук байлык деген кеп бар. Анткени ал аркылуу балдар дүйнөнү таанып, тарбия-таалим, билим алып өсөт. Балдар үчүн жазылган чыгармалардын көбү чыкпай турат. Чыккандары китепканаларда же башка колдордо болуп жеткиликсиз болууда. Ошондуктан балдар адабиятына тиешелүү бардык чыгармаларды топтоп, саресеп салып коюуга белсенүүдөбүз. Бул үчүн атайын түзүлгөн жумушчу топ иш жүргүзүүдө. Мурда поэзия, проза, элдик адабият деп үч бөлүккө бөлүнгөн. Учурда аны тереңирээк карап, ар бирин бөлүп чыгуудабыз. Ошондой эле балдар үчүн жазылган фольклорго кирген акындардын ырлары, тамсилдер, жомоктор, уламыштар жана башкалар жыйналууда. Мындан тышкары, ар бир жазуучу жок дегенде бир жолу балдар тууралуу же балдар үчүн чыгармаларга кайрылган. Ошонун баарын киргизүүнү мерчемдеп жатабыз. Анткени кыргыз балдар адабияты Молдо Кылычтан тартып азыркы акын-жазуучуларга чейин камтыйт", — деди Рысбаев.
Ошондой эле ал ата-энелер үчүн антология өзгөчө табылга болуп каларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0