9-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүТоолуу аймак. Архивдик сүрөт
Тоолуу аймак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Жазылуу
Тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Ишемби күнү Талас, Жалал-Абад жана Баткендин тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Республиканын калган региондорунда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 12...17, Талас жергесинде 8...13, Ысык-Көл чөлкөмүндө 3...8, Нарын аймагында -1...4 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ошто 15...17 градуска чейин жетет.
Скамейканын жанында турган күрөктөр. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Бишкекти көрктөндүрүп, жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0