Садыр Жапаров: Токтогулдан суу сатуу мүмкүн эмес, саткандар болсо жазаланат

© Sputnik / Жоомарт УраимовТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Токтогул суу сактагычынан суу сатуу мүмкүн эместигин айтты.
Журналист Энергетика министрлигинин "электр энергиясын үнөмдүү колдонбосо Токтогул ГЭСинде суу кооптуу чекке түшүп кетиши мүмкүн" деген маалыматын эске салып, мындай кабарлардан кийин "сууну сатып жатышат" деген сөздөр тараарын айткан. Өлкө башчы мындай кептерди түшүнүгү жок же популист адамдар жайылтарын белгиледи.
"Биринчиден, Токтогул суу сактагычынан суу сатуу мүмкүн эмес. Бул сөз жөн гана түшүнүгү жок же популист адамдардын энергетиктерге жапкан жалаасы деп ойлойм. Ал жерде онлайн-камералар орнотулган. Баары түздөн-түз көзөмөлдө турат. Экинчиден, ким суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын демекчимин. Эгер жолун таап саткан болсо, андай кызматкерлер жазасыз калбайт. Өтө катуу жазасын алат", — деген Жапаров.
Президент өлкөдө электр жарыгын чектөө боюнча да үн катып, пикирин билдирген.
Ага чейин Кыргызстанда эртең менен жана кечинде, электр энергиясы көп пайдаланылган учурда, чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экени айтылган. Өлкөнүн бардык аймактарында жана шаарларында маал-маалы менен жарык өчүрүлүүдө.
Депутат Элвира Сурабалдиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Эл эмес, министр өзү чыдасын! Депутат Сурабалдиева энергетика министрин зекиди
Жаңылыктар түрмөгү
0