https://sputnik.kg/20240306/siriusta-zhash-ishkerlerdin-el-aralyk-koomchulugu-tuzuldu-1083212046.html
Сириус: Жаштар фестивалында Жаш ишкерлердин эл аралык коому түзүлдү
Сириус: Жаштар фестивалында Жаш ишкерлердин эл аралык коому түзүлдү
Sputnik Кыргызстан
Ишкерлер үчүн атайын иш-чаралар уюштурулуп, анда бизнестин көйгөйлүү маселелери талкууланып турат. 06.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-06T17:19+0600
2024-03-06T17:19+0600
2024-03-06T17:19+0600
дүйнөдө
россия
сириус
жаштар форуму
декларация
бизнес
https://sputnik.kg/img/07e8/03/06/1083212353_0:0:3073:1729_1920x0_80_0_0_9e3aeca706721726c52a3756036db4c4.jpg
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын катышуучулары Жаш ишкерлердин эл аралык коомун түзүү боюнча декларацияга кол коюшту. Бул туурасында аталган форумдун маалымат кызматынан кабарлашты.Ал фестивалдын жаңы коомду түзүүгө жакшы аянтча болуп бергенин белгиледи. Жаш ишкерлер үчүн атайын иш-чаралар уюштурулуп, анда бизнестин көйгөйлүү маселелери талкууланып турат.Декларацияга кол коюу салтанатына 36 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан.Уюштуруучулар жаңы уюмга расмий катталган, ишеним жараткан бизнеси бар, эл аралык коомчулукка аралашууга умтулган, туруктуу өнүгүү принциптерин карманган 18-35 жаштагылар мүчө боло аларын айтышты.Жаштардын дүйнөлүк фестивалы Россия лидери Владимир Путиндин жарлыгынын негизинде 1-7-март аралыгында Сириус федералдык аймагында өтүп, аны Росмолодёжь уюштурууда.Иш-чарага 190 мамлекеттен 20 миңдей жаш лидер чогулган. Бишкек бул дүйнөлүк иш-чарага 200дөй делегат жөнөткөн.
https://sputnik.kg/20240305/siriusta-amerikalyk-delegatsiyanyn-bashchysy-kutuusuz-bildir-kyldy-1083190048.html
сириус
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/06/1083212353_172:0:2901:2047_1920x0_80_0_0_28fd247c8bfe35ca05afdd30659da81e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, сириус, жаштар форуму, декларация, бизнес
дүйнөдө, россия, сириус, жаштар форуму, декларация, бизнес
Сириус: Жаштар фестивалында Жаш ишкерлердин эл аралык коому түзүлдү
Ишкерлер үчүн атайын иш-чаралар уюштурулуп, анда бизнестин көйгөйлүү маселелери талкууланып турат.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын катышуучулары Жаш ишкерлердин эл аралык коомун түзүү боюнча декларацияга кол коюшту. Бул туурасында аталган форумдун маалымат кызматынан кабарлашты.
"Коомчулук Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын мурасы болуп калмакчы, ал келечекте тажрыйбаны, билимди, ресурстарды бөлүшө турган борборго айланат. Катышуучуларга өз бизнесин түптөп-өнүктүрүүгө жардам берет, ар бир мамлекеттин бизнес-чөйрөсүн үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк жаратат, ишкерлердин жаңы рынокко чыгышына, байланыштардын кеңейишине, бул жаатта жаңы ийгиликтерге жетүүсүнө көмөктөшөт", — деген Росмолодежь уюмунун жетекчисинин кеңешчиси Олег Макаров.
Ал фестивалдын жаңы коомду түзүүгө жакшы аянтча болуп бергенин белгиледи. Жаш ишкерлер үчүн атайын иш-чаралар уюштурулуп, анда бизнестин көйгөйлүү маселелери талкууланып турат.
Декларацияга кол коюу салтанатына 36 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан.
Уюштуруучулар жаңы уюмга расмий катталган, ишеним жараткан бизнеси бар, эл аралык коомчулукка аралашууга умтулган, туруктуу өнүгүү принциптерин карманган 18-35 жаштагылар мүчө боло аларын айтышты.
Жаштардын дүйнөлүк фестивалы Россия лидери Владимир Путиндин жарлыгынын негизинде 1-7-март аралыгында Сириус федералдык аймагында өтүп, аны Росмолодёжь уюштурууда.
Иш-чарага 190 мамлекеттен 20 миңдей жаш лидер чогулган. Бишкек бул дүйнөлүк иш-чарага 200дөй делегат жөнөткөн.
5 Жалган Куран 2024, 18:24