00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кусеинова: аттестациялоо аркылуу мугалимдердин айлыгына акча кошуу максатталууда

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуБилим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова
Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова мугалимдерди аттестациялоо тууралуу айтып берди.
Аттестациялоо аркылуу мугалимдерге стимул берүү максатталууда. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кусеинова: аттестациялоо аркылуу мугалимдердин айлыгына акча кошуу максатталууда
Анын айтымында, аттестациялоодон мугалим өз каалоосу менен өтө алат.
"Мугалимдерди аттестациялоо — билим берүү сапатын жакшыртуучу, кесипкөйлүүлүгүн өстүрүп, аларды шыктандыруучу ыкмалардын бири. Ал өзгөчө форматта болуп, 17-февралда биринчи жолу өткөрүлдү. Педагогдор өз ыктыяры менен катышып, өзүн-өзү баалоо критерийлери боюнча баракчаны толтурат. Ага олимпиада, сынактардагы окуучуларынын жетишкендиктери дагы кирет. Ошондой эле мурдагыга салыштырмалуу мугалим алгач экинчи, анан биринчи, жогорку даражага тапшырбай, эгер тапшырган маалыматтары тууура келсе түз эле өзүн ылайык деп эсептеген категорияга өтсө болот. Аттестациялоодон адам фактору толугу менен алып салынды. Анткени өзү ылайык делген категорияны мугалим өзү тандайт, ал эми документтерди электрондук вариантта жөнөтөт. Мындан тышкары, тест тапшырып, жыйынтыгын дароо алат. Ийгиликтүү өткөндөрдүн маянасына 2000-5000 сомго чейин кошулат. Аттестация квартал сайын уюштурулуп турат. Алгачкы жолу болуп жаткандыктан мугалимдер айрым кемчиликтерди кетирип койгон учурлар бар. Алсак, бул жолкусунда 313 мугалим документ тапшырып, 57 мугалим тестирлөөгө уруксат алган. Жыйынтыгы боюнча бир мугалимге экинчи даража ыйгарылды", — деди Кусеинова.
Ошондой эле ал эгер мугалим тапшыра албай калса дагы аракет кылып көрүүгө мүмкүндүк бериле турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0