7-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПаркта сейилдөө учурунда кишилер. Архив
Паркта сейилдөө учурунда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Жазылуу
7-мартка караган түнү Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде, тоолуу райондорунда жамгыр, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас өрөөнүндө +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарында 0...-5 градус суук болот.
Бул күнү күндүз Бишкекти ала булут каптап турат. Күндүн табы борбор калаада +7...+9, Ошто +10...+12 градуска жетет.
Кыз кар жааганда кол чатыр менен басып баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Күн качан жылыйт? Алдыдагы аптага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0