Кыргызстандын муфтияты орозо 11-мартта башталарын ырастады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүБишкектеги Орозо-айт намаз учурунда мусулмандар. Архив
Бишкектеги Орозо-айт намаз учурунда мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы орозо 11-мартта башталарын ырастады.
Буга чейин Казакстан Рамазан айынын датасын айтып, муфтият так маалыматты кийинчерээк берерин билдирген.
"2024-жылдагы ыйык Рамазан айы 11-мартта башталат. 10-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат", — деп айтылат КМБДнын маалыматында.
Кадыр түн 6-апрелге караган түнгө туура келсе, 10-апрелде Орозо айт белгиленмекчи.
Sputnik Кыргызстан өлкөнүн ар аймагында кармалчу орозонун убакыт-сааты көрсөтүлгөн календарь даярдады.
Жаңы муфтий болуп Абдулазиз кары Закиров бекитилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
Жаңы муфтий болуп Абдулазиз кары Закиров бекитилди
Жаңылыктар түрмөгү
0