Сириуска барган кыргызстандыктарды кандай тосуп алышты. Дирекция маалымат берди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖаштардын дүйнөлүк фестивалы
Жаштардын дүйнөлүк фестивалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Россиянын Сириус федералдык аймагында Жаштардын дүйнөлүк фестивалы башталды. Ага Кыргызстандан 200дөн ашык катышуучу барды.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Сириус федералдык аймагына фестивалга барган кыргызстандыктарды уюштуруучулар тосуп алып, жайгаштырышты. Бул тууралуу фестиваль дирекциясынын өкүлү Ольга Шеина Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде маалымдады.
Анын айтымында, Кыргызстандан барган жаштар менен биргеликте Өзбекстандын, Индиянын да өкүлдөрүн тосуп алышкан.

"Бүгүн, 1-мартта, биринчи ачылыш салтанат, ал эми эртең "Фишт" стадионунда расмий өкүлдөр, коноктордун катышуусунда негизги азем өтөт. Сириус федералдык аймагы абдан чоң даярдык көрдү, коопсуздук камсыздалды, ага келген жаштар ыктыярчылардын коштоосунда жүрүшөт. Катышуучулар атайын тиркемеге катталышат, тиркемеде алардын ар биринин жеке кабинети болот. Ошол кабинет аркылуу алар түрдүү иш-чараларга катышууга жазыла алышат. Ар кандай шоу, кечелерден тышкары агартуучулук багытындагы сессиялар, мастер-класс, технология, экология, коопсуздук жана башка темаларда түзүлгөн программалардын сессиялары, чуркоо, тоого чыгуу сыяктуу спорттук иш-чаралар бар. Менин билишимче, Кыргызстандан барган жаштар активдүү катталышууда", — деген Шеина.

Ошондой эле ал фестивалдын катышуучулары анын жүрүшүндө Россия менен гана таанышпастан, Сириустун көчөлөрүндө, аянттарында улуттук ыр-бийлерин аткаруу менен өз өлкөлөрүн да тааныта алышарын белгиледи. 4-мартта катышуучулар улуттук кийимдери менен жүрүшкө чыгышат. Ал эми жарманкеде өздөрүнүн мамлекеттеринен алып барган продукцияларды көрсөтүшөт.
"Делегациясынын курамы 600гө чукул катышуучудан турган өлкөлөр бар, Кыргызстандан 200дөн ашык өкүл барды. Жол жүрүп барышты, алгач россиялык катышуучулар менен таанышты. Фестивалда "маданий жетектөө" концепциясы иштейт, тактап айтканда, ар бир чет өлкөдөн келген делегацияга "жетектөөчүлөр" бекитилген. Мисалы, кыргызстандык жаштарды жетектөөнү Адыгей менен Красноярск алды. Бул ыкма менен башка өлкөдөн келгендер билбегенин сурап-билүүгө жардам берет. Алар бири-бирин жакшы түшүнүп, билип, достошуп кетишет. Негизи фестивалдын максаты ошол эмеспи", — деп кошумчалады Шеина.
Айтмакчы, Жаштар фестивалына катышуу үчүн аталган аймакка барып түшкөн жаш кыргызстандыктар ою менен бөлүштү.
Айтса кетсек, Россияда бүгүн Жаштардын дүйнөлүк фестивалы башталды. Ага дүйнөнүн 190 мамлекетинен келген жаш лидерлердин саны 20 миңден ашат. Алар спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият, бизнес жана башка тармактардын өкүлдөрү болуп саналат.
Кыргызстандын атынан фестивалга 231 адам катышат. Иш-чара маанилүү көйгөйлөр талкууланган аянтча болуп бермекчи.
Кыргызстандын Кёрлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Радио
Россия Кыргызстанда КМШнын клубдар аралык чемпионатын өткөрүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0