26-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТуман учурунда Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде бараткан элдер. Архив
Туман учурунда Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде бараткан элдер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Жазылуу
26-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Көпчүлүк жерлерде ала булут каптап, туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -2…+3, Таласта -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көл облусунда -1…+4, Нарын чөлкөмүндө 0…-5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -1…+1, Ош шаарында +3…+5 градуска жетет.
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Февралдын этеги, марттын башы аба ырайы кандай болот? Бир жумага божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0