Россияны сатып кеткен учкуч Испанияда киши колдуу болду. Чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПистолет кармаган киши. Архив
Пистолет кармаган киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Жазылуу
19-февралда Испаниянын Вильяхойос муниципалитетинде россиялык учкуч Максим Кузьминовдун сөөгүн табышкан. Буга чейин аталган киши РФтин Аскер-аба күчтөрүнүн тик учагын Украина тарапка айдай качкан.
Максим Кузьминов учкучтардын үй-бүлөсүндө туулган. Россиянын күч түзүмдөрүнүн катарында 2020-жылдан тарта кызмат өтөй баштаган. Ал эми атайын операциянын аймагына 2022-жылы которулган.
Кузьминов украиналыктар менен өзү байланышып, кызматын сунуштагандыгын айтып берген. Тик учакты айдап качууга жарым жылга чукул даярданган. Россиялык жаңы самолеттор жөнүндөгү жашыруун маалыматтарды ала чыккан. Анын энеси Украинага эртерээк кеткен. Бул сапарды аталган өлкөнүн Башкы чалгын кызматы уюштуруп берген.
Кузьминов Ми-8 тик учагын былтыр жайында, 2023-жылы 9-августта, айдай качкан. Кесиптештеринин бардыгы менен жакшы мамиледе болгондуктан анын кылмыштуу планынан эч ким шек санаган эмес.
Штурман менен борттун механиги абага көтөрүлгөндө гана иштин жайын боолголошкон... Тоскоолдук кылып, токтотуу аракети майнап берген эмес, себеби тик учакты экипаж курамынан Кузьминов гана айдай алган.
Мелжеген жерге жеткенден кийин шериктери жок болуп кеткен. Кузьминов алар качканга аракет кылганда украиналыктар атып салганын билдирген. Мындан сырткары, эки адисти учкуч өзү өлтүргөн деген версия да бар.
Украинада саткынды баатырга айлантканга аракет кылып, Кузьминов маалымат жыйын өткөрүп, бир даары фильм да тартып жиберишкен. Ал эми Коргоо министрлиги бул "эрдиги" үчүн 500 миң доллар убада кылган.
Октябрда Россиянын Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкерлери мындай кылмыштардын мөөнөтү өттү деп эсептелбей турганын жана ал сотко чейин жашабай турганын айтышкан. Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев бул боюнча Телеграм каналындагы комментарийине "итке иттин өлүмү" деп жазган. Тактоо үчүн кимдин колунан көз жумганы маанилүү эмеспи деген тейдеги суроого "мен баарын айттым" деген жооп узаткан.
Испан полициясынын билдиргенине таянсак, Кузьминов баңгизат чегип, ичимдик ичип, жүрүш-турушу жакшы болгон эмес. Жергиликтүү ЖМКлар аны алты жолу атышып, аягында автоунаа менен тебелетип кеткендиктерин жазышкан.
Мобилизацияланган аскер кызматкерлер полигондо машыгуудан өтүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Туткунга түшкөн каршылашын куткарган россиялык жоокердин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0