Балыкчыда милиционерлер кафеде чуу чыгарышты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМушташып жаткан кишилер. Архив
Мушташып жаткан кишилер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Жазылуу
Азырынча эч ким арыз жазган эмес.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Балыкчыда милиция кызматкерлери ызы-чуу чыгарып, окуянын видеосу социалдык тармакта тарап жатат.
Кадрлардан милиционер кимдир бирөөнү бир чаап, ошол жерде турган аялга тап бергенин көрүүгө болот.
Ысык-Көл ОИИБи маалыматты тастыктады. Анткен менен арыз жазып азырынча эч ким кайрыла элек.
"Видеонун тараган фактысы журналга каттоого алынды. Азыр кызматтык иликтөө жүрүп жатат, чоо-жайы такталууда", — дешти милициядан.
Батирге кирип аткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Кошунасына тынчтык бербей, ызы-чуу түшкөндөргө айып салуу сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0