Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бала эмне үчүн семирип кетет? Эндокринологдун жообу

© Sputnik / Асель СыдыковаЭне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар эндокринологу Калича Турарова
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар эндокринологу Калича Турарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Жазылуу
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар эндокринологу Калича Турарова ашыкча салмак балдарда гормондордун өзгөрүүсүн шарттай турганын айтты.
Кыргызстанда жүргүзүлгөн акыркы изилдөөлөргө караганда, ар бир онунчу бала ашыкча салмак менен жабыркайт. Бул тууралуу Калича Турарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бала эмне үчүн семирип кетет? Эндокринологдун жообу
Анын айтымында, семиздик жаш балдарда гормондордун өзгөрүүсүн шарттайт.
"2023-жылы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 214 кичинекей бала жана 98 жеткинчек семирүү көйгөйү менен катталган. Ал эми быйыл 247 кичинекей бала, 154 жеткинчек ашыкча салмак маселеси менен кайрылды. Региондор боюнча карай турган болсок, ашыкча салмактуулардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында (балдар арасындагы ашыкча салмактын пайызы 16,7, семирүү 5,6 пайыз), ал эми Ош облусунда балдар, тескерисинче, салмактын жетишсиздиги менен жабыркашат. Учурда балдардын көбү үйдөн тамак жебей, көчөдөгү тез татым менен тамактанышат (мисалы, газдалган таттуу суусундук, чипсы, сэндвич). Аталган азыктар калориялуу болгондуктан семиздик жаралууда. Анткени балдардын көбү бош убактысын кыймылдуу оюн же спорт менен өткөрбөстөн, гаджет же телевизордун маңдайында отурушат. Мындайда ашыкча энергия майга айланат. Семиз балдардын 90 пайызы туура эмес тамактануудан толуп кеткендер, ал эми 10 пайызы оорудан улам семирет. Айрым ата-энелер баланын тамактануусуна маани бербейт. Ошону менен бирге алар семиздик оору жаратарынан кабары жок. Эгер баланын ата-энеси семирүү менен жабыркаса балага да өтүү тобокелдиги 80 пайызды түзөт. Айрым балдардын семирүүсүнө стресс дагы себеп болот. Аларга талаптагыдай көңүл бөлбөй, туура эмес иштери үчүн уруп, кагып-силкишет. Мындан улам балада стресс жаралып, ал өзүн тамак менен сооротуп, акырындап толо баштайт. Андан тышкары, баладагы боор, жүрөк, ички без (уйку бези, бөйрөк үстүндөгү бездер жана башка) оорулары да семирүүнү шарттайт. Толук балдарда зат алмашуу процесси бузулуп, акырындап жүрүп отуруп оорулардын жаралуусуна жеткирет. Алар: кант диабети, жоон ичегинин шишиги, боор, уйку безинин, омуртка-муундардын (ашыкча салмактан улам бузулат, кыйшаят) жана жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары (атеросклероз, инфаркт, инсульт). Семирип бараткан баланы дарыгерге көрсөтүп, себебин тактоо зарыл. Дарыгерлер ага жараша диета жазып берип баланы бир топ оорудан сактап калат", — деди Турарова.
Ал семирүүнү алдын алуу керектигин, ата-эне өзүн жана балдарын туура тамактанууга көндүрүп, үйрөтүүсү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0