Обама менен Трампты караган дарыгер Байдендин акыл-эсин текшерүүнү талап кылууда

© AP Photo / Susan WalshАКШнын экс-президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт
АКШнын экс-президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
Жазылуу
Медик кезегинде Дональд Трампты да когнитивдүү тесттен өткөрүү талабы айтылып, натыйжада ал жогорку балл алганын айтып берген.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. АКШнын экс-президенттери Барак Обама менен Дональд Трамптын дарыгери болуп иштеген республикачы конгрессмен Ронни Жексон Жо Байденге когнитивдүү жөндөмдүүлүктү текшерген тесттен өтүүнү талап кылган кат жолдоду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта кайрылууга Жексон 80ден ашуун кесиптеши менен кол койгону айтылат. Дарыгер тесттин жыйынтыгы америкалыктардын алдында ачыкталышы керек деген пикирде.
"14 жыл бою АКШнын үч президентинин дарыгери болуп иштеген киши катары өлкө башчынын жумушу оор экенин жакшы билем. Өтө жоопкерчиликтүү иш, ден соолук мыкты болбосо өлкөбүздүн жана жалпы элдин келечегине кооптуулук жаратат. Катаал учурда жашап жатабыз, ал эми Байдендин администрациясы кырдаалды ого бетер курчутууга жан үрөп жаткан сыяктуу", — деп жазылат кайрылууда.
Жексон АКШнын түштүк чек арасындагы башаламандыкты, өтө жогорулап кеткен инфляцияны мисал келтирип, Америка жана анын элинин кызыкчылыгына доо кетирген дүйнөнүн ар кайсы аймагындагы жаңжалдарды тизмектеген. Ал кезегинде Дональд Трампты да когнитивдүү тесттен өткөрүү талабы айтылып, натыйжада өлкө башчы жогорку балл алганын кошумчалаган.
Жексондун айтымында, базалык тест Байдендин акыл-эси боюнча болуп жаткан талкууларга биротоло чекит коймок.
Жо Байдендин эл алдында, расмий жолугушууларда мамлекеттердин аталышынан жаңылып, чет өлкө лидерлеринин аты-жөнүн алмаштырып алган учурлары абдан көп. Көзү өткөн адамдар менен "сүйлөшкөн", жанында жок адамдар менен учурашууга аракет кылган, сүйлөп бүткөндөн кийин чыга турган тарабын айырмалай албай калган мезгилдери бар. Мындан улам коомчулукта анын когнитивдүү жөндөмүнөн күмөнсүгөн пикирлер айтылып келет.
Россия 1 телеканалынын журналисти Павел Зарубин менен Владимир Путиндин маектешүүсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Байден менен Трамптын кимиси жакшы? Путиндин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0