Россия ТИМи АКШны Навальныйдын өлүмү боюнча сабырдуу болууга чакырды

© Sputnik / Мария ДевахинаРФтин ТИМинин имараты. Архив
РФтин ТИМинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Жазылуу
Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Навальныйдын өлүмүнө Вашингтон менен Брюсселдин күнөөсү бар деп эсептейт.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги АКШны Алексей Навальныйдын өлүмүнө РФти айыптагандын ордуна сабырдуу болууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Ведомство АКШны соттук-медициналык экспертизалардын жыйынтыгын күтүүнү сунуштаган.
Ошондой эле ТИМ АКШ Украинанын түрмөсүндө кыйноого кабылып өлтүрүлгөн америкалык Гонсало Лиранын өлүмүнөн да кандайча РФ жаранынын каза болушуна чоң маани берип жатат деген суроо койгон.
Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Навальныйдын өлүмүнө Вашингтон менен Брюсселдин күнөөсү бар деп эсептейт. Айтымында, бул окуя алар үчүн ыңгайлуу болуп турат.
"Кырдаалдын жаралышына Украинадагы согушта жеңилип баратып Россияны жок кылууну каалагандар кызыкдар. Фамилиялары белгилүү: НАТОнун башкы катчысы менен АКШ башчысынан тартып Шольц, Сунак жана Зеленскийге чейин", — деген Володин.
Айта кетсек, Алексей Навальный бүгүн №3 түзөтүү колониясында көз жумганы маалымдалган. Анын өлүмүнүн себеби такталып жатканы кошумчаланды.

Алексей Навальныйдын иши

2020-жылдын 20-августунда учакта баратып саламаттыгы начарлаган коомдук ишмер жана саясатчы Алексей Навальный Омск шаарындагы ооруканага жаткырылган. Текшерүүдөн кийин дарыгерлер анын зат алмашуусу начарлап, мындан улам кандагы канттын деңгээли түшүп кеткенин айтышкан. Буга эмне себеп болгону азырынча белгисиз, бейтаптын каны менен заарасынан эч кандай уу табылган эмес.
Кийинчерээк Навальныйды учак менен Германияга жеткиришкен. Шаршемби күнү ГФР өкмөтү аскер дарыгерлерине таянуу менен Навальный "Новичок" тобундагы уу менен ууландырылганын айтып чыккан. Кремль өз кезегинде Берлин Москваны бул тууралуу кабардар кылбаганын айтып, Германия жөнөтүлгөн расмий сурамга жооп берген эмес.
Ошол эле учурда Германиянын BND чалгын кызматы үчүн 1990-жылдан тарта "Новичок" жеткиликтүү экени маалым. Мындан тышкары, аны Улуу Британия, АКШ, Швеция, Чехия сыяктуу 20га чукул мамлекет иликтеген. Россия президенттин 1992-жылдагы жарлыгы менен химиялык курал багытында аракеттерин токтотуп, 2017-жылы бардык запасты жоготкон. Муну химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм да тастыктап берген.
Октябрдын башында Навальныйдын организминен табылган заттар "Новичокко" окшош экенине карабай тыюу салынган препараттардын тизмесинде эмес экени айтылган. Буга карабастан ЕБ Россияга каршы санкцияларды иштеп чыккан.
2021-жылдын февралында сот Навальныйдын "Ив Роше" компаниясы боюнча берилген шарттуу мөөнөтүн 3,5 жыл түрмөдө отуруу жазасына өзгөрткөн. Федералдык жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Навальный сыноо мөөнөтүнүн шарттарын бузуп, кармалганга чейин издөөгө алынган. Натыйжада шаардык сот чечимди бекитип берген. Навальный абакта жазасын өтөп жаткан.
Түрмөнүн тосмосундагы тикенектүү зым. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Арстан Абдылдаевдин өлүмү. Зулушев түзөтүү мекемесинде инструкция болбогонун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0