Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Трамп кайра шайланса Украинаны сүйлөшүүгө жетелейт

© AFP / PATRICK T. FALLONАКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
Саясатчынын айланасындагылар НАТОну реформалоо боюнча сунушту талкуулап жатканы маалым болду.
Бишкек, 15-фев. — Sputnik. АКШнын мурдагы лидери Дональд Трамп кайра шайланып калса Киевди Россия менен сүйлөшүүгө жетелээрин РИА Новости Bloomberg агенттигине шилтеме кылып жазды.

"Дональд Трамп эгерде эмдиги жылы бийликке келип калса Украинаны Россия менен согушун токтотууга түртүүнү ойлонуп жатат", — деп жазган агенттик.

Алардын маалыматына караганда, кеңешчилери Трамп бийликке кайтып келсе, анда Владимир Путин менен Владимир Зеленский катышкан сүйлөшүүлөрү уюштурууну талкуулап жатат.
Кеңешчилеринин бири агенттикке аскердик жардамды кыскартуу кооптуулугу Украинаны сүйлөшүүлөргө түртүшү мүмкүндүгүн, ал эми анын көбөйүшү Россияны кескин кадамдарды жасоого аргасыз кылышы ыктымал экендигин айткан. Мындан сырткары, саясатчынын айланасындагылар НАТОну реформалоо боюнча сунушту талкуулап жатканы маалым болду.
Буга чейин Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде Батыш өлкөлөрү Россияны стратегиялык жактан жеңүүгө мүмкүн эместигин сезе баштагандыгын белгилеген. Президенттин айтымында, муну түшүнүп тургандан кийин кезектеги кадамдарын жакшылап ойлонуп, анан жасашы керек. Путин Москва менен Киев эртеби-кечпи, баары бир кепке келерин, эки элдин бир туугандык мамилеси жакшырарын кошумчалаган.
Трамп бийликке келсе саясий айдыңда бир топ өзгөрүүлөр болору айтылып келет. НАТОдогу реформалар жаатында 30-январда да кеп болгон. Немецтердин Tagesschau телеканалы аталган уюмдун доору бүттү, Трамп бийликке келсе Ак үйдөгү альянс кулап, Украина АКШнын колдоосу жок калат деген ойду кылтыйткан. Мындан сырткары, 2023-жылы 7-декабрда Пентагондун мурдагы башчысы Марк Эспер Трамп президент болсо НАТО мүчөлөрүн АКШдан чыгарууга буйрук берерин жана альянсты "жок кыларын" айткан жайы бар.
НАТО желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
ЖМК: Трамп шайлоодо жеңсе НАТО АКШсыз каларын талкуулап жатышат
Жаңылыктар түрмөгү
0