https://sputnik.kg/20240215/mamkulk-satuu-parlament-uruksatysyz-1082720349.html
Маммүлктү парламенттин уруксатысыз сатуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү
Маммүлктү парламенттин уруксатысыз сатуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү
Sputnik Кыргызстан
Көпчүлүк депутаттар демилге Жогорку Кеңештин канат-куйругун кыркуу болуп саналарын белгилешти. 15.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-15T13:38+0600
2024-02-15T13:38+0600
2024-02-15T13:39+0600
кыргызстан
саясат
мүлк
сатуу
мыйзам долбоору
стратегиялык объекти
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1b/1054379028_0:250:3197:2048_1920x0_80_0_0_e8372a912d15fa6d430c85bc789ae04a.jpg.webp
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү парламенттин макулдугусуз сатуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.Демилгени Дастан Жумабеков көтөрүп, мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүүнү көздөгөнүн айтты.Ал эми өкмөт стратегиялык объектилерди да парламенттин эмес, Коопсуздук кеңешинин макулдугу менен сатуу укугун берүү корутундусун чыгарган.Буга көпчүлүк депутаттар каршы чыгып, анча маанилүү эмес, коррупционер, кылмышкерлерден алынган мүлктөрдү өкмөт өз алдынча чечсе болорун, бирок ири жана стратегиялык объектилер сөзсүз ЖКнын кароосунан өтүшү керектигин айтышты.Жанар Акаев "Манас" аэропортун тажрыйбасыз, аты-жыты белгисиз түркиялык компанияга сатуудан депутаттар сактап калганын мисал келтирди. Мындай болсо канчалаган кендер дагы белгисиз тараптарга сатылып кетиши мүмкүндүгүн эскертти.Шайлообек Атазов бул демилге Жогорку Кеңештин канат-куйругун кыркуу болуп саналарын белгиледи. Натыйжада экинчи окууда өзгөртүү киргизүү талабы менен концепциясын колдошту.
https://sputnik.kg/20240213/kyrgyzstan-kolbaev-avto--satuu-1082676717.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1b/1054379028_233:0:2964:2048_1920x0_80_0_0_2c1c4550c284fd28724fb842b594d5d6.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, мүлк, сатуу, мыйзам долбоору, стратегиялык объекти
кыргызстан, саясат, мүлк, сатуу, мыйзам долбоору, стратегиялык объекти
Маммүлктү парламенттин уруксатысыз сатуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү
13:38 15.02.2024 (Жаңыртылды: 13:39 15.02.2024) Көпчүлүк депутаттар демилге Жогорку Кеңештин канат-куйругун кыркуу болуп саналарын белгилешти.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү парламенттин макулдугусуз сатуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Демилгени Дастан Жумабеков көтөрүп, мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүүнү көздөгөнүн айтты.
Ал эми өкмөт стратегиялык объектилерди да парламенттин эмес, Коопсуздук кеңешинин макулдугу менен сатуу укугун берүү корутундусун чыгарган.
Буга көпчүлүк депутаттар каршы чыгып, анча маанилүү эмес, коррупционер, кылмышкерлерден алынган мүлктөрдү өкмөт өз алдынча чечсе болорун, бирок ири жана стратегиялык объектилер сөзсүз ЖКнын кароосунан өтүшү керектигин айтышты.
Жанар Акаев "Манас" аэропортун тажрыйбасыз, аты-жыты белгисиз түркиялык компанияга сатуудан депутаттар сактап калганын мисал келтирди. Мындай болсо канчалаган кендер дагы белгисиз тараптарга сатылып кетиши мүмкүндүгүн эскертти.
Шайлообек Атазов бул демилге Жогорку Кеңештин канат-куйругун кыркуу болуп саналарын белгиледи. Натыйжада экинчи окууда өзгөртүү киргизүү талабы менен концепциясын колдошту.
13 Бирдин айы 2024, 19:30