Окуучулар 8ге, студенттер 10го барсын. Депутат тыгынды азайтуу ыкмасын айтты

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги тыгын. Архив
Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги тыгын. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Бишкектеги унаа тыгынын жоюунун бир ыкмасын сунуштады.
Анын айтымында, окуулар менен жумуштар төмөнкүдөй графикте болушу керек:
окуучулар мектепке саат 8:00гө барсын;
жумуштар саат 9:00дө башталсын;
студенттер окуу жайына саат 10:00гө барсын.
Депутат өз алдынча изилдеп чыгып, ушундай тыянакка келгенин белгиледи. Анын айтымында, бул ыкма тыгынды толук жойбосо да кыйла азайтат.
Бишкеке келген жаңы автобустун салону - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Бишкекте 400дөн ашык маршрутканын кыймыл схемасы өзгөрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0