https://sputnik.kg/20240214/keremet-bankty-satuu-makulduk-1082688455.html
Жогорку Кеңеш "Керемет банкты" сатууга макулдук берди
Жогорку Кеңеш "Керемет банкты" сатууга макулдук берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Улуттук банктын карамагында турган "Керемет банкты" сатууга макулдук берди. 14.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-14T11:38+0600
2024-02-14T11:38+0600
2024-02-19T09:07+0600
кыргызстан
улуттук банк
керемет банк
сатуу
өкмөт
https://sputnik.kg/img/07e8/01/13/1082047200_0:0:1303:733_1920x0_80_0_0_5893743e1cec990b16894ade6b247868.jpg
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Улуттук банктын карамагында турган "Керемет банкты" сатууга макулдук берди.Мыйзам долбоору бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда каралып, жактырылды.Аталган финансылык мекемени министрлер кабинети 7,1 миллиард сомго сатып алганы жатат.Банкты өкмөт кайсы каражатка аларына кызыккан депутаттарга Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев кошумча киреше булагын таба турганын айтып жооп берди.Буга чейин Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Керемет банк" эмне себептен министрлер кабинетинин карамагына өтүп жатканын түшүндүргөн.Анын айтымында, эки жылда бул банктын активи кыйла жакшырган. Башкы банктын жетекчиси министрлер кабинетинин депутаттар менен биргеликте карап жаткан көптөгөн максаттары бар экенин, анын баары "Керемет банк" өкмөткө өтсө ишке ашышы мүмкүн болорун белгилеген.
https://sputnik.kg/20240213/sadyr-zhaparov-shariat-finansylyk-institut-achuu-1082680310.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/13/1082047200_121:0:1189:801_1920x0_80_0_0_d7a9b0b5177a2e019e67f96a05557eed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуттук банк, керемет банк, сатуу, өкмөт
кыргызстан, улуттук банк, керемет банк, сатуу, өкмөт
Жогорку Кеңеш "Керемет банкты" сатууга макулдук берди
11:38 14.02.2024 (Жаңыртылды: 09:07 19.02.2024) БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Улуттук банктын карамагында турган "Керемет банкты" сатууга макулдук берди.
Мыйзам долбоору бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда каралып, жактырылды.
Аталган финансылык мекемени министрлер кабинети 7,1 миллиард сомго сатып алганы жатат.
Банкты өкмөт кайсы каражатка аларына кызыккан депутаттарга Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев кошумча киреше булагын таба турганын айтып жооп берди.
Буга чейин Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Керемет банк" эмне себептен министрлер кабинетинин карамагына өтүп жатканын түшүндүргөн.
Анын айтымында, эки жылда бул банктын активи кыйла жакшырган. Башкы банктын жетекчиси министрлер кабинетинин депутаттар менен биргеликте карап жаткан көптөгөн максаттары бар экенин, анын баары "Керемет банк" өкмөткө өтсө ишке ашышы мүмкүн болорун белгилеген.