Бала кайсы курагында кантип сүйлөп калышы керек? Логопеддин түшүндүрмөсү
"Жаш курагына жараша наристенин өсүү көрсөткүчтөрү болот. Ымыркай 3-4 айында ата-энеси жанына келип эркелетсе колу-буттарын кыймылдатып, күлүп, реакция жасашы керек. Ал эми 8-9 айында мурдун, башын, көзүн сурагандарга көрсөтүп, алакан чаап ойноп, кол булгап, ата-энесин ажыратып, колу менен көрсөтүп калат. Бир жаштагы бала кадимкидей 10-15 сөз айтса, эки жашка чукул бала эки сөздү кошуп сүйлөп калышы шарт. Бул учурда так сүйлөгөнү маанилүү эмес. "Тигини алып бер, муну кыл" деген сөздөрдү түшүнүп, аткара билиши зарыл. Талап боюнча, үч жаштагы бала төрт сап ыр айтып, үч сөздөн сүйлөм түзүп, кыска жомокторду өз тилинде айтып калат. Кээ бир балдар эки жашында эле жомок, ыр айтып баштайт. Ар бир ата-эне баласынын өнүгүшүнө кылдат көңүл буруп, кандайдыр бир мүчүлүштүк байкаса дароо адистерге алып барганы оң. Логопед, невролог же педиатр карап, кеңеш берет. Баланын тили менен катар анын аң-сезиминин өнүгүшү да маанилүү. 5-6 жашка чейин күтүп жүрө бербей эрте аракет кылса, бала да мектеп босогосун аттагыча даяр болуп калат ", — деди ал.