Кесиптик лицей, колледжде окугандар үчүн улуттук чемпионат өткөрүлөт

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүАшпозчу кесибин даярдоо техникумунун студенттери. Архив
Ашпозчу кесибин даярдоо техникумунун студенттери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу WorldSkills деп аталган жумушчу кесиптердин улуттук чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, улуттук чемпионат 20-февралга пландалган. Ага кесиптик лицей жана колледждерде окуган окуучулар катышат.
Чемпионаттын аймактык турунда жеңишке жеткен студенттер 20-22-февралда ширетүүчү, ашпозчу жана мода технологиясы боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшөрү кошумчаланды.
Китеп окуп жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Балдар адабиятына арналган "Кичинекей окурман" фестивалы өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0