00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик башкаруу академиясы: илимий потенциал жана санариптик трансформация
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Академия наук сможет тратить заработанные деньги: беседа об инновациях в научной сфере
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болууда — бийлик бул боюнча кандай чараларды көрүүдө?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наука как госстратегия: китайский путь к технологическому лидерству — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом или навыки: проректор СКФУ — о том, каким должно быть образование сегодня
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Документалдык кинонун бүгүнкү абалы: билим берүүдө көйгөйлөр жана жетишкендиктер
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Шералиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Көлдө 18 жаштагы кыздын өлүмүнөн улам үч дарыгер кармалды

© Sputnik / Илья ПиталевОорукананын палатасында жаткан бейтап. Архив
Оорукананын палатасында жаткан бейтап. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Жазылуу
Тамакка ууланган кыз ооруканага үч ирет барган. Анын эки жолкусунда дарыгерлер үйүнө кетирип жиберишкени айтылды.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Ак-Суу районунун жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) үч дарыгери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ билдирди.
Тергөөнүн маалыматына караганда, 2023-жылдын июль айында Теплоключенка айылынын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган. Ал 25-июлда ичи катуу ооруп жаткан 18 жаштагы кызын ооруканага алып келсе дарыгерлер жаткырып дарылабай, дары берип кетирип жиберишкенин айткан. Бир айдан кийин кыз көз жумган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Медициналык же фармацевтикалык кызматкерлердин кесиптик милдеттерин так аткарбашы" беренесинин негизинде иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.

"25-июлда кызды ичи катуу ооруган, кусуп калган абалда ооруканага алып келишкен. Т. К. аттуу дарыгер-педиатр бейтап бир күн мурда конокко барып ачуу салат жегенин, үйүнө келгенде кусуп, диарея башталганын билгенден кийин дары жазып берип, үйүнө кетирген. Оорусу тарабагандыктан бейтап кийинки күнү кайра ооруканага келгенде О.М. аттуу нөөмөттөгү анестезиолог-реаниматолог кабыл алган. Бирок ал дагы дары жазып берип, үйүнө кетирген. 28-июлда кыз кайра ооруканага түшкөн. Ал күнү инфекциялык бөлүмдүн дарыгер-ординатору Э.Г. кабыл алып, кызды ооруканага жаткырган", — деп айтылат маалыматта.

29-июлда кыздын абалы начарлап эс-учун жоготкон.
"Бейтап Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн. 31-июлда Бишкектин Улуттук госпиталына которулуп, 5-сентябрда көз жумган. Соттук-медициналык экспертиза кыз тамакка ууланып көз жумганын көрсөткөн", — деди ИИБ.
Комплекстик соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин Ак-Суу районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунун Т.К. аттуу педиатры, О.М. аттуу анестезиолог-реаниматологу жана Э.Г. аттуу ординатору кармалган. Сот алардын бөгөт чарасы катары үй камагын тандаган.
Кишини сабоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
"Агам эмнеге дагы эле мас бойдон жүрөт?" Ошто дарыгерлер сабалган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0