10-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл КаллиниковБалдар паркта сейилдеп жүрүшөт. Архив
Балдар паркта сейилдеп жүрүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Жазылуу
12-февралга чейин Бишкек-Ош автоунаа жолундагы ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү пайда болушу күтүлөт. Унаалардын ортосунда 500 метрлик аралык кыймылы чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Ишембиде республика боюнча жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Баткен, Чүй өрөөнүндө 11...16, Ош, Талас облустарында 10...15, Жалал-Абад жергесинде 12...17, Ысык-Көл чөлкөмүндө 3...8, Нарын аймагында 0...-5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 14...16 , ал эми Ош шаарында 15...17 градуска чейин жетет.
Бишкекте Муниципалдык инспекция түзүлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Бишкекте Муниципалдык инспекция түзүлдү. Максат-милдети
Жаңылыктар түрмөгү
0