9-февралга карата аба ырайы

© Фото / Ирина ЧеркасоваАла-Арча улутук паркындагы тоолордун көрүнүшү. Архив
Ала-Арча улутук паркындагы тоолордун көрүнүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
9-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жума күнү республиканын тоолуу райондорунда кар жааса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +8…+13, Талас жеринде +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +8…+13, Ысык-Көл облусунда +2…+7, Нарын чөлкөмүндө -1…-6 градусту көрсөтөт.
Бишкек, Ош шаарларында +11…+13 градус жылуу болот.
Последствия сильного снегопада в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Күн жылыйбы? Кийинки жумада өлкөдө аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0