7-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей ДаничевЖолдон өтүп бара жаткан кол чатыр кармаган аял. Архив
Жолдон өтүп бара жаткан кол чатыр кармаган аял. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Жазылуу
7-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Эртең, 7-февралда, күндүз Кыргызстандын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым учурларда 15-20 метрге жетип турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +7...+12 градус, Талас облусунда +5...+10, Ысык-Көлдө 0...+5, ал эми Нарын аймагында -2...-7 градус болот.
Борбор калаа Бишкекте кечкисин жамгыр жааса, Ош шаарында күн ачык болуп, эки калаада тең термометр +10...+12 градусту көрсөтөт.
Последствия сильного снегопада в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Күн жылыйбы? Кийинки жумада өлкөдө аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0