Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

ТЭЦте жабыркаган эки адам Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат

© Фото / пресс-служба Минздрава КРТүркиянын "Голджук" ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келип ТЭЦте жабыркагандардын абалын текшеишти
Түркиянын Голджук ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келип ТЭЦте жабыркагандардын абалын текшеишти  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2024
Жазылуу
Бейтаптардын абалы оор бойдон калууда.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦте жабыркаган эки адам Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
© Фото / пресс-служба Минздрава КР

Бүгүн Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Голджук" ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келген

Бүгүн Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Голджук" ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келген - Sputnik Кыргызстан
1/3

Бүгүн Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Голджук" ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келген

© Фото / пресс-служба Минздрава КР

Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо тактикасын жана дайындалган дарылоону карап чыгышкан

Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо тактикасын жана дайындалган дарылоону карап чыгышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3

Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо тактикасын жана дайындалган дарылоону карап чыгышкан

© Фото / пресс-служба Минздрава КР

Буга чейин президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министрине чет элдик адистер менен консультацияларды уюштуруу боюнча тапшырма берген

Буга чейин президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министрине чет элдик адистер менен консультацияларды уюштуруу боюнча тапшырма берген - Sputnik Кыргызстан
3/3

Буга чейин президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министрине чет элдик адистер менен консультацияларды уюштуруу боюнча тапшырма берген

1/3

Бүгүн Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Голджук" ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келген

2/3

Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо тактикасын жана дайындалган дарылоону карап чыгышкан

3/3

Буга чейин президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министрине чет элдик адистер менен консультацияларды уюштуруу боюнча тапшырма берген

Бүгүн Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Голджук" ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келген.
Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо тактикасын жана дайындалган дарылоону карап чыгышкан. Ошондой эле анын жыйынтыгы менен дарыгерлердин кеңешмесин өткөрүшкөн.
"Этем Өзтүрк эки бейтаптын абалы оор экенин, бирок алар эс-учунда экенин, суроолорго жооп берип жатканын белгиледи. Алардын абалын эске алсак, дарылоо узакка созулат, ошондуктан катуу күйүк алган бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн адистештирилген ооруканада дарылоо натыйжалуу болорун белгилей кетүү керек. Ал эми үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу", — деп жазылган маалыматта.
Буга чейин президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министрине чет элдик адистер менен консультацияларды уюштуруу боюнча тапшырма берген.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Жарылуудан беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Медиктер экөөнүн абалы оор экенин билдирди. ТЭЦке президент баштаган бийлик өкүлдөрү барган. Бүгүн, 3-февралда, шаардыктарга ысык суу менен жылуулук акырындык менен бериле баштады.
Газ плитасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бишкек ТЭЦтеги авария: Түркмөнстан менен Өзбекстан жардам колун сунууда
Жаңылыктар түрмөгү
0