3-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин көчөлөрүнүн биринде токтоп турган автоунаалар. Архив
Бишкектин көчөлөрүнүн биринде токтоп турган автоунаалар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Жазылуу
Тоолуу райондордо, Бишкек — Ош жолундагы ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ишембиде Ош, Баткендин тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Айрым аймактарда туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 1...6, Талас жергесинде 0...5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 2...7, Ысык-Көл чөлкөмүндө -1...4, Нарын аймагында жана -4...-9 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 3...5 , ал эми Ош шаарында 4...6 градуска чейин жетет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Радио
ӨКМ сел кооптуулугун алдын алуу үчүн толук кандуу иштөөдө
Жаңылыктар түрмөгү
0