Февралда адаттагыдан жылуу болот. Кыргызгидрометтин божомолу

© Sputnik / Жоомарт УраимовПанфилов атындагы парктын алдынан тп бара жаткан кыз. Архив
Панфилов атындагы парктын алдынан тп бара жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Жазылуу
Бул айда өлкөнүн түштүк бөлүгүндө жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормадан ашык болот.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Февраль ичи абанын айлык орточо температурасы Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болушу ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинин божомолунда айтылат.
Ага ылайык, бул айда жаан-чачындын айлык көлөмү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында нормага жакын, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында климаттык нормадан ашык болору күтүлүүдө.
Чүй, Талас облустарында бул ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан -2 …+3 градуска чейин болору айтылды. Айрым түндөрү сууктун күчү -16 градуска чейин жетет. Ошондой эле жаан-чачындын айлык көлөмү айрым жерлерде нормадан төмөн болушу күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз -2 … +3, 8…13 градус жылуу болуп, түнкүсүн 0…-5, 1…6 градус, кээ бир түндөрү абанын температурасы -6…-11 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Ысык-Көл өрөөнүндө февраль ичи абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 градустан -3 … 2 градуска чейин өзгөрүлүп турса, кээ бир түндөрү сууктун күчү -9…-14 градуска жетет. Күндүз абанын температурасы 0…5, 6…11 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Нарында кээ бир түндөрү суук -23 градуска чейин жетет. Ал эми күндүз абанын температурасы -3…-8, 1…6 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы.
Кышкы каникул учурунда кар ойноп жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Бишкекте 1-класстар февралда кошумча каникулга тарайт. Убактысы
Жаңылыктар түрмөгү
0