Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Блинкен: Киевдин жардамсыз калганы согуш талаасындагы абалга таасирин тийгизүүдө

© AP Photo / Matt Rourke155 миллиметрлик артиллериялык снаряддарды чыгарган Скрэнтондогу ок-дары заводу
155 миллиметрлик артиллериялык снаряддарды чыгарган Скрэнтондогу ок-дары заводу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
Мамлекеттик департаменттин башчысы Конгрессти Байдендин Киевге миллиарддаган жардам боюнча өтүнүчүн канааттандырууга чакырды.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Америка Украинага аскердик көмөк берилбей калганы кармаш талаасындагы кырдаалга кандай таасир тийгизип жатканын көрүп жатат, мындан ары жардам каралбаса Киевдин Москва менен чатагындагы "жетишкендиктери" суу кечпей калат. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен бирге маалымат жыйын өткөрүп жатканда бул маселени көтөргөнүн РИА Новости жазды.
"Акчасы бар кереметтүү башка челек жок. Биз Украинага берген аскердик жардам түгөндү. Согуш талаасында бул эмнеге алып келип жатканын кээ бир далилдерден көрүп жатабыз", — деген Блинкен кандай далил экенин так айтпастан.
Мамлекеттик департаменттин башчысы Конгрессти Жозеф Байдендин Киевге миллиарддаган жардам боюнча өтүнүчүн канааттандырууга чакырды.
"Мунсуз украиналыктар өздөрү жана биздин жардам менен ушуга чейин жеткен нерселери кайра кооптуулукка кептелет", — деген АКШнын мамкатчысы.
Анын айтымына караганда, АКШ Украинага акча бөлбөй коюп "демократия менен эркиндикти коргоо жаатында олуттуу эмес экендиктерин" каршылаштарына көрсөтүп берет.
Америка бийлиги аталган өлкөгө жардам делген акчанын 2023-жылдын соңунда түгөнгөндүгүн, Конгресс каражат бөлүү боюнча жаңы чечимди жактырмайын Киевге курал жана ок-дары бере албастыгын айтууда.
Президенттин Украина үчүн 61 миллиард долларлык сурамын Конгресстеги республикачыл оппозиция бекитпей жатат. Муну масштабдуу миграциялык реформа менен байланыштырып, анын параметрлерин демократ кесиптештери жана администрация менен талкуулоодо.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулдагы оңбогондой ийгиликсиз кадамынан кийин россиялык аскерлер согушта демилгени колго алды. Декабрдын соңунда РФтин коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге Куралдуу күчтөрдүн бөлүгү Донецкидеги Марьинкага киргендигин билдирген. Ал эми 2024-жылдын январында россиялык жоокерлердин арымы кеңейип, Харьков облусундагы Табаевка менен Крахмальное калктуу пунктун бошоткон.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Блинкен: Украинаны өнүктүрүү боюнча Вашингтондун "өтө так планы" бар
Жаңылыктар түрмөгү
0