https://sputnik.kg/20240130/osh-zorduktoo-kylmysh-1082294766.html
Ошто кызды зордуктоого аракет кылган учур видеого түшүп калган
Ошто кызды зордуктоого аракет кылган учур видеого түшүп калган
Sputnik Кыргызстан
Шектүү ошол түнү алгач бильярд клубдун эшигин бузуп кирип 22 миң сом уурдап чыккан. 30.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-30T14:03+0600
2024-01-30T14:03+0600
2024-01-30T15:46+0600
кыргызстан
ош
зордуктоо
кылмыш
караоке
ичимдик
видео
кыз
https://sputnik.kg/img/07e6/08/15/1067005622_0:0:1199:674_1920x0_80_0_0_9903c20248e2afefb2e5530dd0cfac1d.png
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Ош шаарында кызды бычак кезеп коркутуп, зордуктоого аракет кылган деп 20 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди. Окуя 27-январда таңга маал саат 05:55тер чамасында болгон. Шектүү эч ким жоктугунан пайдаланып кызды зордуктоого аракет кылган.Милицинын маалыматы боюнча, шектүү ошол түнү алгач бильярд клубдун эшигин бузуп кирип 22 миң сом уурдап чыккан. Ал акчага курсагын тойгузуп, ичимдик ичип, анан караоке-клубга барган.Кылмышка шектелип Ш.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 29-январда шаардык сотто анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды.Учурда Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан "Алдамчылык" жана "Зордуктоого аракет жасоо" беренелери менен тергөө иштери жүрүп жатат.
https://sputnik.kg/20240123/zorduktoo-miyzam-ozgortuu-prezident-1082123523.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/15/1067005622_50:0:1117:800_1920x0_80_0_0_fbda8984a6d81d44f8ba1f7194590153.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, зордуктоо, кылмыш, караоке, ичимдик, видео, кыз
кыргызстан, ош, зордуктоо, кылмыш, караоке, ичимдик, видео, кыз
Ошто кызды зордуктоого аракет кылган учур видеого түшүп калган
14:03 30.01.2024 (Жаңыртылды: 15:46 30.01.2024) Шектүү ошол түнү алгач бильярд клубдун эшигин бузуп кирип 22 миң сом уурдап чыккан.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Ош шаарында кызды бычак кезеп коркутуп, зордуктоого аракет кылган деп 20 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди.
Окуя 27-январда таңга маал саат 05:55тер чамасында болгон. Шектүү эч ким жоктугунан пайдаланып кызды зордуктоого аракет кылган.
Милицинын маалыматы боюнча, шектүү ошол түнү алгач бильярд клубдун эшигин бузуп кирип 22 миң сом уурдап чыккан. Ал акчага курсагын тойгузуп, ичимдик ичип, анан караоке-клубга барган.
Кылмышка шектелип Ш.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 29-январда шаардык сотто анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды.
Учурда Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан "Алдамчылык" жана "Зордуктоого аракет жасоо" беренелери менен тергөө иштери жүрүп жатат.