Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамлекеттик баалуу кагаз сатып алууда ички инвесторлордун саны өсүшү керек

© Sputnik / Асылбек БактыбековКыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев
Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев баалуу кагаздар рыногунда соода-сатыкты өнүктүрүү үчүн өлкөнүн аймактарына көңүл буруп, каржылык сабаттуулукту жакшыртууга басым жасоо керектигин айтты.
Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) соода аянтчасында мамлекеттик баалуу кагаздарды сатыкка коюуда. Бул рынок өнүгүп, тышкы инвесторлорду тартыш үчүн Кыргызстандын жарандары акчасын салып, киреше көрүшү керектигин Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мамлекеттик баалуу кагаз сатып алууда ички инвесторлордун саны өсүшү керек
Анын айтымында, баалуу кагаздарды сатып алууда инвесторго үйүндө отуруп операция жасоого шарт түзүү, коммерциялык банктардын бул багыт боюнча ишин кызыктуу кылуу жана брокердик компаниялардын активдүү иш жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берүү зарыл.
"Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасында мамлекеттик баалуу кагаздарды 2023-жылдын 25-майынан тарта сатыкка коюуда. Бул кадамдын негизги көйгөйү жаңы сатып алуучуларды, инвесторлорду тартуу болгон. Жылдын аягында 518 мллион сом жана 336 миллион рубль КФБга жайгаштырылды. Биринчи жолу сатылып жатканын эске алсак, бул абдан жакшы көрсөткүч. Негизи баалуу кагаздар рыногунда соода-сатыкты өнүктүрүү үчүн өлкөнүн аймактарына көңүл буруп, каржылык сабаттуулукту жакшыртуу ишине басым жасоо керек. Анткени көп компаниялар, адамдар мамлекеттик баалуу кагаздардан киреше табууга болорун биле беришпейт экен. Бул рынок өнүгүп, тышкы инвесторлорду тартыш үчүн кыргызстандыктар акчасын салышы зарыл. Эми инвесторго үйүндө отуруп операция жасоого шарт түзүү, коммерциялык банктардын бул багыт боюнча ишин кызыктуу кылуу жана брокердик компаниялардын активдүү иш жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берүү зарыл", — деди Назаралиев.
Ошондой эле адис жарандар мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга акчасын салса ал жеке өзүнө да, мамлекетке да пайда алып келип, экономиканын өсүшүнө өбөлгө болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0