Кыргызстанда 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта батир алууга шарт түзүлөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүҮй-бүлө жаңы имараттагы батирди карап жатат. Архив
Үй-бүлө жаңы имараттагы батирди карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
Өлкө башчынын айтымында, батир алууну каалаган жарандар үйдүн жарым акчасын алдын ала берип, калган жарым баасын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкө жарандарын турак жай менен камсыз кылуу жана курулуш механизмдерин жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койду.
Маалыматта мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында курулуш үчүн жер участоктору бар экени белгиленген. Бирок бюджеттик каражаттын чектелгендигине, ошондой эле турак жай курулушуна жарандардын каражатын тартуунун мамлекеттик механизминин жоктугуна байланыштуу курула электиги белгиленди.
"Мигранттар менен Кыргызстандын жарандары үчүн турак жай курулушуна үлүштүк каржылоо механизми иштелип чыгып киргизилсин", — деп айтылат документте.
Бул ишти президент Садыр Жапаров өкмөткө тапшырып, бир ай мөөнөт берилди. Президенттин жарлыгында ушул эле убакыт аралыгында министрлер кабинети "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКга жер участокторунун тизмесин аныктап, мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөттөрүн көрсөтпөстөн) өткөрүп бериши керектиги белгиленген.
Өлкө башчы бул жарлыгы боюнча соцтармакка дагы түшүндүрмө берип жазды.
"Мындан ары мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз үлүштүк катыш менен батир ала алгыдай шарттарды түздүк. Ал кандай? Мисалы, үй алууну каалаган жаран батирдин жарым баасын алдын ала төлөп, калган жарым баасын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат. Батирдин жарым баасын төлөгөндөн кийин бир, же эң көп дегенде эки жылда өз батирине ээ болуп, кирип жашоого мүмкүнчүлүк алышат. Менин МИКке койгон талабым ушундай! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кечээ жакында алдамчы компаниялар элдин акчасын үлүштүк катыш катары чогултуп алып, же батирден жок, же акчаларын кайтарып бере албай качып жүргөндөрүн көрүп, ушундай чечимге келдим. Мындан ары жарандардын батир алуу маселесин МИК аркылуу мамлекет колго алабыз", — деди Жапаров.
Пенсионер кутучасына акча салып жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кимдер кайсы учурда ала алат? Жол-жобосу
Жаңылыктар түрмөгү
0